Кыргызстандыктарга энчилүү унаа номурларын алууга уруксат берилди

Айдоочулар 250 сом төлөп өзүнүн мамлекеттик номуруна каалаган тамгалар менен сандардын айкалышын алып алса болот — мындай жобого 26-сентябрда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кол койду. Милиция бул жаңы киргизилген форматка каршы эмес.

250 сом турган энчилүү номурларга Кыргызстандын мыйзамдарына каршы келбеген каалаган сандарды, каалаган тамгаларды жаздырып алса болот.

Унааны башка кишиге каттатууда энчилүү номур мурунку ээсинин колунда калат.

«Индивидуалдуу номур мамлекеттик катталуу номур белгисине кошумча номур болот», — деп жазылган жободо.

Энчилүү номурлар Бишкек жана Ош шаарларында, ошондой эле Чуй, Ош жана Жалал-Абад облустарында Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Инфоком» ишканасы тарабынан берилет.

Жол коопсуздук кыймылын көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын жетекчиси Талантбек Исаев номурлардын жаңы форматын киргизүү анын мекемесинин ишин оорлотпойт деп эсептейт.

«Мен жетекчи катары эмес, жаран катары буга каршы болгом. Анткени андайларды[энчилүү номурларды] жасатууга кимдердин мүмкүнчүлүктөрү бар? [...] Албетте бай адамдардын балдарыныкы. Биз кайрадан коомду катмарларга бөлүп атабыз. Бул Кыргызстан үчүн эртерээк болуп калды деп ойлойм», — деди «Клоопко» Исаев.

Жол коопсуздук кыймылын көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери 2012-жылдын май айынан баштап июлуна чейин айдоочулардан жүздөй мыйзамсыз унаа номурларын алышкан — алардын арасында өзүнүн каалоосу боюнча жасалган (энчилүү, аты-жөнү жазылган) номурлар болгон.

Анда Исаев жөнөкөй айдоочулар менен катар жасалма номурларды укук коргоо органдарынын кызматкерлери да колдонуп келишкендигин айтты.
Парламент депутаттары «Эркин номурларды киргизүү жөнүндөгү» токтомду 2011-жылдын декабрында кабыл алышкан.

Автор: Алексей Ким

Редактор: Зарема Султанбекова