Садыркуловдун өлүмү боюнча шектелип жаткан Бакиевдердин иши сотко жиберилди

Кыргызстандын Аскердик соту президенттин мурунку аппарат жетекчиси Медет Садыркуловду өлтүрүүгө качып кеткен президент Курманбек Бакиев менен анын иниси Жаныштын катыштыгы бардыгы боюнча ишти карап баштайт.

Жогорку соттун Бишкек гарнизонунун секретариаты «Клоопко» берген маегинде Садыркуловду өлтүрүүгө Бакиевдердин тиешеси бардыгы тууралуу иш аларга 25-сентябрда өткөрүп берилгендигин билдирди.

Бишкек гарнизонунун прокурору Азамат Мамбетов иш сотко жиберилгендигин айтты, бирок анда мамлекеттик күнөөлөөчүлөр тараптан ким катыша тургандыгы азырынча белгисиз.

Мамбетов бул кылмыш иши боюнча да судья белгилене элек деди.

Юрист Кубанычбек Ташбалтаев Бакиевдерге өзүнчө кылмыш ишин козгоо мыйзамсыз болгон деп эсептейт — айтымында, алардын кылмышка катыштыгы бардыгы тууралуу шектенүүлөр Садыркуловдун өлүмү боюнча негизги иштин алкагында эле каралышы керек болчу.

«Бул эки иш бириктирилиши керек болчу. Алардын өз-өзүнчө карап жаткандыктарынын өзү – мыйзамды бузуу болуп эсептелет», – дейт Ташбалтаев.

Юрист Акмат Алагушев шектелип жаткандар өлкөдө жок болгон учурда кылмыш иши сотто каралганы жаткандыгы туура эмес деп эсептейт — Бакиевдердин эки бир тууганы тең 2010-жылдагы революциядан кийин дароо Кыргызстандан качып кеткен.

Алагушев «Клооптун» кабарчылары менен маектешүү маалында кылмыш-процессуалдык кодексине ылайык, Кыргызстандын бийлиги алгач күнөөлөнүп жаткандарды өлкөгө алып келиши керек болчу деди.

Курманбек Бакиевдин оң колу катары бир нече жыл кызмат кылган Садыркулов президенттин аппарат башчылыгынан кеткенден кийин көп өтпөй, 2009-жылдын мартында каза болгон.

Ал Казакстандан келе жаткан, болжолдуу түрдө Садыркулов ал жерде президентти «кетирүү» тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн — бул тууралуу «Викиликс» сайтына басылып чыккан АКШ элчилигинин сыр каттарында да жазылган. Садыркулов өлөөрүнө аз калганда ал пландары тууралуу АКШ элчилигине билдирген.

Бакиев президент болуп турган маалда Садыркулов унаа кырсыгынан каза болгон, деген расмий версия айтылып келген — анда милиция Кой-Таш капчыгайында Өмүрбек Осмоновдун башкаруусундагы «Ауди» үлгүсүндөгү унаа Садыркуловдун унаасын келип сүзгөн, анын жыйынтыгында эки унаа тең өрттөнүп кеткен деп айтышкан.

Бакиев президенттиктен кеткенден кийин Садыркуловдун өлүмү боюнча угуулар кайрадан башалган. Тергөө болсо жаңы версияны айтып чыккан, ага ылайык, президенттин мурунку аппарат жетекчиси менен анын жанындагылар Курманбек Бакиевдин иниси - Жаныштын буйругу менен өлтүрүлгөн.

Аскер прокуратурасы Курманбек Бакиевди адам өлтүрүүгө тиешеси бар деп күнөөлөп жатат.

Автор: Александра Ли