Бишкек-Лондон түз аба каттамы октябрдан баштап жабылат

Британиялык Би-эм-ай (BMI) авиакомпаниясы Бишкек-Баку-Лондон каттамы боюнча учууларын 1-октябрдан баштап токтотот. Бул чечим Кыргызстанда каттамдын кирешелүүлүгүнүн аздыгы жана авиакомпаниянын ээсинин алмашкандыгы менен түшүндүрүлүп жатат.

Унаа жана байланыш министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин директору Акылбек Жумабаев каттамдын жабылуусуна анын кирешелүүлүгүнүн аздыгы да себеп болгондугун «Клоопко» билдирди.

«Бул каттам боюнча жүргүнчүлөрдүн саны аз болгондуктан Би-эм-ай учууларын токтотуп жатат. Экинчи себеп болсо Би-эм-айды башка авиакомпания сатып алган, жаңы кожоюндары жүргүнчүлөрдүн санын эсептеп чыгып ушундай чечимге келишкен. Бул каттам алар үчүн жетишээрлик деңгээлде кирешелүү эмес», — деди чиновник.

Ал түшүндүргөндөй, Бишкек-Баку-Лондон каттамы боюнча бир жолу учуу үчүн Би-эм-ай 100 миң доллар короткон, ал каражатты кайра жабуу үчүн компания эң аз дегенде 100 билет сатышы керек болгон. Бирок компания бул көрсөткүчкө дайыма эле жетише берчү эмес.

BMIдин Бишкек-Баку-Лондон каттамынан сырткары жакын арада дагы 9 каттамды жаба тургандыгы белгилүү болду.

Чечим жайында эле кабыл алынган

«Кыргыз Концепт» туристтик компаниясынын башкаруучу директору Данияр Аманалиев Би-эм-ай Бишкекке учууларын ушул жылдын июнунда эле токтотууну чечкендигин «Клоопко» билдирди. Каттамдардын токтогондугунун экинчи себеби катары ал компаниянын авивциялык пландарынын өзгөргөндүгүн айтты.

«Буга Би-эм-ай сатып алган «Британия аба жолдору» (British Airways) авиакомпаниясынын каттамдар боюнча башка пландары себеп болсо керек. Бул Бишкек жаман каттам дегенди түшүндүрбөйт — бул компанияда андан да кызыктуураак багыттар бар дегенди билдирет», — деп белгиледи Аманалиев.

Бишкек-Баку-Лондон каттамдары жумасына үч жолу аткарылып келген. Учак Азербайжандын борборуна конуп, ал жерден жаңы жүргүнчүлөрдү алып дароо эле Лондонго учкан.

2011-жылдын ноябрына чейин бул каттамда эки арадагы шаар катары Алматы эсептелинип келген.

Түз учуп бара турган жалгыз каттам жабылгандан кийин эми Бишкектен Лондонго Москва же Стамбул аркылуу учуп барса болот. Ал каттамдарды орусиялык «Аэрофлот» менен «Түрк аба жолдору» аткарат.

Украинага түз аба каттамы токтотулду

Лондон каттамынан сырткары 1-октябрдан баштап украиналык «Аэросвит» авиакомпаниясы тарабынан аткарылып келген Бишкек-Киев түз каттамы да токтотулат.
«Аэросвит” учууларын токтотот, анткени каттамдар жайкы мезгилге карата гана ачылган. Кышында жүргүнчүлөрдү ташуунун көлөмү азаят жана бул маалда учуулар болбойт», — деп билдирди «Клоопко» Акылбек Жумабаев.

Компания «Аэросвит» компаниясы 2011-жылдын августунан баштап Кыргызстанга уча баштаган. Алар жумасына бир жолу «Боинг-737» учагы менен каттам жасап келишкен.

Автор: Аскар Акталов

Редактор: Бектур Искендер

Фото: Taurus Photographix