Чиновниктерге мамлекеттик кызматтагы туугандарын ачыкка чыгарбоого уруксат берилди

Жогорку Кеңеш 27-сентябрда бардык чиновниктерди мамлекеттик кызматтагы туугандарынын аты-жөнүн билдирип тургууга милдеттендирген мыйзам долбооруна каршы чыгышты. Эми мыйзам долбоорун алты айдан кийин гана кайталап экинчи жолу караганга мүмкүн болот.

«Туугандык байланыштарды ачыкка чыгаруу жөнүндөгү» мыйзам долбоору депутаттар Дастан Бекешев, Ширин Айтматова, Равшан Жээнбековдор тарабынан демилгеленген. Документке ылайык, мамлекеттик кызматкерлер өзүнүн башка мамлекеттик кызматтарда иштеген туугандары жөнүндөгү маалымат камтылган маалымкаттарды берип турушмак.

Мыйзам долбоорунун көзөмөлүнө Жогорку Кеңештин депутаттары, президент, премьер-министр, өкмөттүн мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын аппарат башчылары жана мекеме жетекчилери туш келген.

Мыйзам долбоору парламенттин профилдик комитетинде талкуудан өткөн, бирок депутаттардын колдоосун тапкан жок.

Документ кечээ добуш берүү үчүн жалпы Жогорку Кеңешке чыгарылды. Бирок мыйзам долбооруна 66 эл өкүлү каршы чыкты, анын кабыл алынышы үчүн — 24 парламентарий добуш берди.

Эми бул мыйзам долбоорду алты айдан кийин гана кайталап экинчи жолу караганга мүмкүн.

Автор: Аскар Акталов

Сүрөт CA-NEWS.org сайтынан алынды