КТРК өзүнүн музыкалык каналын ачат

Коомдук биринчи каналдын алдындагы музыкалык канал 1-октябрдан баштап өз ишин баштайт. КТРКнын башкы директору Кубат Оторбаевдин айтымында, каналда негизинен кыргыз аткаруучуларынын клиптери көрсөтүлөт.

Жаңы канал «КТРК Музыка» деп аталат, деди Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору Кубат Оторбаев «Клоопко» берген маегинде.

КТРКнын жетекчиси түшүндүргөндөй, каналда негизинен кыргыз аткаруучуларынын клиптери көрсөтүлөт — алар жалпы берүүлөрдүн 80 пайызын түзөт. Контенттин калган бөлүгүн орус тилиндеги клиптер менен чет элдик аткаруучулардын клиптери толтурат.

«Канал музыкалык-көңүл ачуучу форматка ээ, алгач кабелдик тармактарда көрсөтүлөт», – деди КТРКнын башкы директору.

Оторбаевдин айтымында, «КТРК Музыка» каналын ачуунун максаты жаңы долбоор үчүн каражат чогултуу – КТРК жаңы билим берүүчү-агартуучулук канал ачканы жатат. Ал каналдын ачылуу күнү азырынча так белгисиз.

Күнү-түнү иштеген «Комуз ТВ» телеканалынын аткаруучу продюсери Ариза Рыскулова «Клоопко» берген маегинде жаңы ачылган каналды атаандаш деп эсептей тургандыгын билдирди.

«Комуз-ТВ” – бул "Ала-ТВнын" курамындагы өзүнчө канал, тактап айтканда, аны “Ала-ТВга” туташкан колдонуучулар гана көрө алышат. Ал эми КТРКны Кыргызстандын бардыгы көрүшөт», – деди Рыскулова.

Ырчы Омардын менеджери Миргүл Эсеналиева «КТРК Музыка» каналынын атаандаштыкка туруктуулугу анын контентине байланыштуу болот деди.

Автор: Эльдос Казыбеков

Редактор: Александра Ли

Сүрөт Timе.kg сайтынан алынды