Орусия: Кыргызстандын жараны полиция кызматкерине карата «зомбулук» көрсөткөн деп шектелип жатат

Орусиянын Тергөө комитетинин Курск облусунун Рыльск шаары боюнча тергөө башкармалыгы унаасын токтоткон полиция кызматкерине карата зомбулук көрсөткөн кыргызстандыкка карата кылмыш ишин козгоду.

Орусиянын Тергөө комитетинин Курск облусу боюнча тергөө башкармалыгы Кыргызстандын жаранына карата кылмыш ишин козгоду - кыргызстандык документин текшерүү үчүн келген полиция кызматкерине «зомбулук» көтсөткөн.

Кылмыш иши Орусиянын Кылмыш кодексинин 318-(күч колдонуу менен бийлик өкүлдөрүнө зомбулук көрсөтүү же опузалоо) беренеси боюнча козголгон.

«Тергөө жүрүп жатат, шектелип жаткан адамды азырынча суракка ала элекпиз, бирок ал суракка чакырылат. Анда биз эмне болгондугун анын көз карашы боюнча угабыз», – деди «Клоопко» берген маегинде Рыльск райондор аралык тергөө бөлүмүнүн жетекчиси Людмила Шаталова.

Ал кыргызстандык шаар ичинде унаасынын фараларын өчүрүп алып айдап жүргөндүгүн айтты — бул жергиликтүү полициянын көңүлүн буруп, алар унааны токтотууга аракет кылышкан.

Айдоочу унаасын токтотпой, инспектордун буйругуна баш ийбей койгон соң полиция кызматкери анын артынан түшкөн, дейт Шаталова.

Анын айтымында, шектелип жаткан адамдын унаасы укук коргоо органынын кызматкерлери артынан түшкөн маалда бузулуп калган. Полиция кызматкерлери документтерин текшерүү үчүн анын жанына келип унаадан чыгуусун өтүнгөн — кыргызстандык унаадан чыгуудан жана документин көрсөтүүдөн баш тарткан.

«Полиция кызматкери унаанын эшигин ички жагынан ачуу үчүн терзеден колун салган учурда кыргызстандык терезени жаап баштайт. Анан инспектордун колун катуу кыпчыган бойдон унааны айдап жөнөгөн», – деп билдирди тергөө бөлүмүнүн кызматкери.

Полиция кызматкери колун тартып алууга жетишпей калып, унааны ээрчип басууга туура келген – айнек сынып кетип инспектор жарадар болгон.

Тышкы иштер министрлиги консулдар бул иштин материалдарын иликтеп жаткандыктарын билдирди.

«Клооп» Кыргызстандын Орусиядагы кеңешчиси менен байланыша алган жок.

Авторлор: Кубан Макешов жана Виктория Васильева

Редактор: Александра Ли