Сот «Мен мусулманмын, мен «геймин» тасмасын көрсөтүүгө тыюу салды [16:57де жаңыланды]

Бишкектин Биринчи май райондук соту «Мен мусулманмын, мен «геймин» тасмасын «экстремисттик» деп таап, Кыргызстандын аймагында көрсөтүүгө, таркатууга жана сактоого тыюу салды. Тасма «Бир Дүйнө» кинофестивалында көрсөтүлүшү керек болчу. Фестивалдын көрүүчүлөрү тыюу салууга каршы болуп жатышат.

16:57  Фестивалдын уюштуруучулары тасманы көрсөтүүнүн ордуна аны талкууга алууну чечишти.

16:46 Фестиваль өтүп жаткан «Манас» кинотеатрындагы «Клооптун» кабарчысы тыюу салынган тасманы көрсөтүү эки мүнөттөн кийин баштала тургандыгын билдирди.

16:38 «Мен мусулман коомчулугундагы гомосексуалдык көйгөй көтөрүлүп чыгып талкууга алынышы керек деп эсептейм.

Бул тасманы көйгөйгө коомчулуктун көңүлүн буруу үчүн тарттым», — деди тасманын режиссеру Крис Беллони «Клоопко». Тасмада беш марокколук «гей» тууралуу айтылат, алар баштан өткөргөндөрүн камера алдында айтып беришет.

«Мен коомчулук тараптан белгилүү бир реакцияны күткөм, бирок бийликтен мындай кадамды [тасманы көрсөтүүгө тыюу салууну] күткөн эмесмин», — дейт режиссер.

16:24 Башкы прокуратура тасманы интернеттен көрүү мүмкүнчүлүгүн тосмолоону Мамлекеттик байланыш агенттигинен талап кылды.

«Клоопко» фестивалдын көрүүчүсү билдиргендей, уюштуруучулар тасманы көрсөтүү ниетинде, анткени алар тыюу салууну «мыйзамсыз» деп эсептешет.

15:26 Кыргызстандын муфтийи Рахматулла Эгембердиев «Мен мусулманмын, мен «геймин» тасмасы исламга ишенгендердин сезимин кемсинтет деп эсептеп, анын көрсөтүлүшүнө тыюу салуу талабы менен УКМКга кайрылган.

Биринчи май райондук соту тасманын көрсөтүлүшүнө тыюу салып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен Ички иштер министрлигине тыюунун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү тапшырмасын берди.

«Бир Дүйнө» фестивалынын уюштуруучулары аны көрсөтүүдөн баш тартышты.

«Клооптун» редакциясына «Дин, укук жана саясат» аналитикалык борборунун директору Кадыр Маликовдун кайрылуусу келип түштү - анда Маликов тасма мусулмандардын диний сезимин кемсинтип, провокация кылышы мүмкүн деген пикирин билдирген.

«Тасманын «Мен мусулманмын, мен «геймин» деп аталышы — динге ишенген мусулмандардын салттуу эмес ориентациясы менен байланышып, аларды кемсинтет», — деп жазган ал.

Азырынча фестивалдын уюштуруучулары комментарий берүүгө жеткиликсиз болуп жатат.

Укук коргоочу, активист жана саясат таануучу Сыйнат Султаналиева тасмага тыюу салынгандыгын «патриархалдык» деп эсептейт.

«Биз — аң-сезими ордундагы адамдар - биз үчүн эмне зыян эмне зыян эмес экендигин, диний адамдар катары бизди эмне кемсинтип, маскаралай тургандыгын өзүбүз туюп, биле алабыз», — деди ал «Клоопко».

Фестивалдын көрүүчүсү жана тасма режиссерунун ассистенти Жаннет Исабек да тыюу салууга каршы.

«Тасмага тыюу салынгандыгы кинофестивалдын көрүүчүсү катары менин көңүлүмдү оорутуп койду», — деди ал.

Фестивалдын көрүүчүсү Джошик Мурзакметов тыюу салуу Кыргызстандын светтик мамлекет болуп эсептеле тургандыгы жөнүндөгү Конституциянын беренесине туура келбейт деп эсептейт.

«Тасмага тыюу салуу — светтик Кыргызстандын олуттуу жеңилиши. Бул тыюу салууга унчукпай коюу - тазалоочулар муну менен токтоп калбайт, андан ары барышат дегенди билдирет. Бир карасаң шариат боюнча жашап калган болобуз», — деп нааразычылыгын билдирди ал.

Бул акыркы айдын ичинде кыргыз бийлиги тарабынан «экстремисттик» деп табылган экинчи тасма — америкалык «Бейкүнөө мусулмандар» тасмасы «исламга ишенгендердин сезимин мазактаган» тасма катары өлкөдө тыюу салынган.

Редактор: Зарема Султанбекова