Мындай мыйзам долбоору коррупция менен күрөшүүнү күчтөнтүү үчүн депутаттар Каныбек Иманалиев менен Айнуру Сатыбалдиевалар тарабынан иштелип чыккан. Активисттер демилгени жактырып жатышат, бирок бул чаралардын эффективдүүлүгүнөн шек санап, тынчсызданышууда.
Мыйзам долбоору менен Кыргызстандын Кылмыш кодексинин 41-(жазалардын түшүндүрмөлөрү жана максаттары) жана 52-беренелерине (мүлктөрдү конфискациялоо) өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталып жатат.
Өзгөртүүлөргө ылайык, Кылмыш кодексинин 303-беренеси (Коррупция) боюнча айыпталган чиновниктер атайын, аскердик жана ардактуу наамдарынан ажыратылышат.
Мындан сырткары коррупциялык бети ачылган мамлекеттик кызматкерлер класстык чиндеринен, дипломатиялык даражаларынан, мамлекеттик жана мекемелик сыйлыктарынан, ошондой эле жеңилдиктерден ажырашат.
«Корруция үчүн таза эмес чиновниктер менен жоопту кызматтагылар корккондорунан кылмыш кылбагандай өтө катаал жаза керек», — деп белгилейт мыйзам долбоорунун демилгечилери коштомо документте.
Коомдук талкуудан кийин мыйзам долбоору прафилдик комитеттер менен парламенттин пленардык жыйынында талкуудан өтүшү керек. Ал жерден жактырылса мыйзам долбоору кол коюу үчүн президентке жөнөтүлөт.
Эффективдүүлүгү суроо жаратат
Коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин башкы катчысы Нурипа Муканова депутаттар тарабынан иштелип чыккан мыйзам долбоорун жактыргандыгын билдирди.
«Бул өтө туура демилге. Мен аны колдойм жана депутаттарга андан ары улантууну сунуштайт элем: коррупцияга шектелгендердин бардыгынын мамлекеттик кызматтарда иштөөсүнө далдоо коюлушу керек. Бизде көпчүлүк учурларда бир адамга карата кылмыш иши козголсо ал өз кызматтын улантып, чечимдерди кабыл алуусун уланта берет», — деди ал «Клоопко» берген маегинде.
Бирок Муканова депутаттардын демилгелери деклоративдүү түрдө гана калышы мүмкүн деген тынчсыздануусун билдирди.
Анын айтымында, мамлекеттик кызматкерлерди «Коррупция» беренеси боюнча айыптоо же жоопко тартуу көйгөйлөрдү жаратат.
«Бул берене боюнча бүгүнкү күндө Нариман Түлеев (Бишкек шаарынын мурунку мэри жана Жогорку Кеңештин депутаты) менен мурунку Социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабировго гана күнөө коюлган», — деп билдирди Коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин башкы катчысы.
Ал белгилегендей, негизги көйгөй укуктук базанын начардыгында: «Коррупция» беренеси боюнча козголгон кылмыш ишин мыйзамдын негизинде далилдөө же сотко чейин жеткирүү «өтө кыйын же дээрлик мүмкүн эмес».
Буга байланыштуу Муканова коррупциялык иштерге баргандарды жоопкерчиликке тартууну көбөйтүү үчүн мыйзамга керектүү өзгөртүүлөрдү киргизүү керек деп эсептейт.
Кыргызстандын чиновниктери
«Мамлекеттик кызматтар жөнүндөгү» мыйзамга ылайык, мамлекеттик кызматкерлерге административдик мамлекеттик кызматтардагы адамдар, соттордун жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери, прокуратура менен юстиция органынын жумушчулары кирет.
Бул мамлекеттик кызматкерлер айлыктарына кошумча акча алууга уруксат бере турган класстык чиндерге ээ болушат.
Мамлекеттик кызматкерлердин катарына аскер кызматындагылар, муниципалдык жумушчулар, мамлекеттик органдардын тейлөө жана техникалык кызматкерлери, бийликтин аткаруучу бутагына тартылбаган мамлекеттик ишканалар менен мекемелердин жумушчулары кирбейт.
Кылмыш кодексиндеги 303-берене (коррупция) мамлекеттик кызматкерлерге карата гана колдонулат.
Өкмөттүн маалыматы боюнча, 2012-жылдын августуна карата Кыргызстанда 29,2 миң мамлекеттик кызматкер бар.
Автор: Аскар Акталов