Футбол: «Дордой» «Истиклолдун» жеңишинен кийин АФК президентинин Кубогу үчүн болгон мелдештен чыкты

АФК президентинин Кубогу үчүн болгон мелдештин топтук бөлүгүндөгү акыркы оюнда Тажикстандын «Истиклол» клубу камбоджалык «Пномпень Краунду» 6:0 эсебинде жеңди. Бул жеңиши менен душанбеликтер Кыргызстандын чемпиону «Дордойду» финалдык бөлүккө өтүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратты.

Финалдык бөлүккө чыгуу үчүн «Истиклолго» тең чыгуу эле жетиштүү болмок.

Бирок команда Камбоджанын чемпионунун дарбазасына алты жоопсуз топ киргизди.

Тажик клубу оюндагы артыкчылыктарына карабастан «Пномпендин» дарбазасына 26 мүнөттө гана топ киргизип оюн эсебин ачты — топтун автору жарым коргоочу Дильшод Валиев болду.

Калган топтун бардыгын мелдеш ээлери оюндун экинчи жарым бөлүгүндө киргизди — эки топ киргизип Ибрагим Рабимов өзгөчөлөнсө, Фарход Тохиров, Умеджон Шарипов жана Фатхулло Фатхуллоевдер бирден топ киргизишти.

Ошентип, «Истиклол» жүз пайыздык көрсөткүч менен мелдештин финалдык бөлүгүнө өттү — биринчи беттешинде тажик футболисттери эки жолку чемпион болгон Бишкектин «Дордой» клубун 2:0 эсебинде утуп алган.

«Дордой» шаршемби күнү «Пномпень Краун» клубун 8:0 эсебинде жеңип, финалдык бөлүккө өтүү мүмкүнчүлүгүн сактап калган, бирок анын ишке ашуусуна «Истиклол» мүмкүнчүлүк берген жок.

В тобундагыдай эле А тобунда да жалпысынан үч клуб ойногон. Финалдык бөлүккө ар бир топтун жеңүүчүлөрү чыкты — алтын үчүн боло турган оюнда «Истиклол» В тобунун жеңүүчүсү палестиналык «Аль-Аммари» клубу менен ойнойт.

«Истиклол» мелдештин тандап алуу турунда эле палестиналык чемпион менен беттешкен — анда Душанбедеги борбордук футбол талаасында тажиктер 1:0 эсебинде жеңишке жетишкен.

АФК президентинин кубогу — эң төмөнкү рейтингдеги Азия өлкөлөрүнүн футбол боюнча чемпиондорунун ортосундагы мелдеш. «Дордой» биринчиликтин тарыхында эң көп титул алган команда болуп эсептелет — клуб мелдешти 2006-2007-жылдары жеңип алган.

Кыргыстандын көп жолку чемпиону буга чейин төрт жолу финалдык бөлүккө чыккан, команда акыркы жолу финалга 2010-жылы чыккан. Анда «Дордой» Бирманын «Яданабону» клубунан утулуп калган.

Автор: Бектур Искендер