Мусулмандар Конгресси муфтийди ажылык сапарга визаларды «мыйзамсыз» саткан деп күнөөлөдү

«Орто Азиянын жана Кыргызстандын мусулмандарынын Конгрессинин» төрагасы Бакыт Нурдинов муфтий Рахматулло Эгембердиевди 2011-жылы ажылык визаларын сатууда «алдамчылык» кылган жана быйылкы ажылык сапарды начар уюштурган деп күнөөлөдү. Муфтий айыптоолордун бардыгын четке кагып, аны «кезектеги интрига» деп атады.

Нурдинов «Клоопко» берген маегинде муфтий былтыр ажылык сапарды уюштуруу боюнча менеджер болуп турганда Сауд Аравиясынын консулу менен сүйлөшүп алып Меккеге 79 ажылык визаны «мыйзамсыз» саткандыгын билдирди.

Ал билдиргендей, визаларды «мыйзамсыз» сатып алгандардын өздүктөрү аныкталып, алар ажылык сапарга кантип баргадыктарын Конгресске айтып беришкен.

«Тизме бар. Даректери аныкталган. [ ] Алар акчаны Рахматуллого бергенбиз деп айтып жатышат», – дейт Нурдинов.

Ал визаларды «мыйзамсыз» сатып алгандар башкалардай болуп Меккеге чейин түз аба каттамы менен барбастан, транзиттик жолдор менен топ-топ болуп барышкандыгын айтты.

«10-20 кишиден түрк аба жолдору аркылуу Стамбулга, андан Иорданияга, ал жерден болсо автобус менен Меккеге чейин жөнөтүп турушкан», – деди төрага.

Конгресс Башкы прокуратуранын Рахматуллого карата кылмыш ишин козгошун каалап, учурда арыз даярдап жатат.

Муфтий Конгресстин айыптоолорун четке какты.

«Мунун бардыгы калп. Сауд Аравиясынын консулу менен эч кандай сүйлөшүүлөр, ошондой эле Түркия аркылуу алып өткөн топтор да болгон эмес. Бул ажылык сапарды бүлгүнгө учуратуу аракети», – деп эсептейт Эгембердиев.

Ал ажылык визаларды «мыйзамсыз» сатып алган мусулмандардын тизмеси тууралуу эч нерсе билбей тургандыгын айтты.

«Эгер ал киши жүргүнчү катары учакка өзү отуруп Түркияга учуп кетсе бул жерде менин эмне тиешем бар?», — дейт Кыргызстандын мусулмандарынын башчысы.

Эгембердиевдин мусулмандар конгрессин «ушагы» үчүн сотко берүү ниети жок. Ал Нурдинов былтыр ажылык сапардын байкоочу кеңешинин төрагасы болуп турганда бул маселени эмне себептен айтып чыккан эмес деп, буга түшүнбөй жаткандыгын айтты.

«Былтыр бул маалыматтар каякта эле? Уламалар кеңешинин жыйыны болуп жатканда эмнеге эч нерсе айткан эмес?», – деп нааразычылыгын билдирди Эгембердиев.

Эгембердиевге чейинки муфтий Чубак Ажы Жалилов 2011-жылы ажылык сапар маалында алдамчылыктар тууралуу эч нерсе укпагандыгын айтты.

Автор: Айкөл Болотбекова

Редактор: Александра Ли