Ош: Мэрия үйлөнүү-үлпөт кортеждерин шаардын четине жылдырат

Борбордук Курманжан-Датка көчөсүндө жайгашкан үйлөнүү-үлпөт кортеждери жол тыгындарын жараткандыктан, мэрия аларды шаардын четине жылдыруусу боюнча чечим кабыл алды. Айдоочулар шаардын сыртына кардарлар баралбай кала тургандынтыктарын айтышты.

Ош шаардык мэриянын транспорт жана коммуникация бөлүмүнүн башчысы Урали Раманов, 18-сентябрдан баштап той автоунааларын шаардын четиндеги түндүк тарабында жайгашкан автобекетке жылдыруусу боюнча буйрук чыкканын "Клоопко" берген маегинде айтты.

Бул буйрукту борбордук жол кыймылын тартипке келтирүү үчүн иштеп чыгышты.

"Буларды [той унааларын] жөндөн-жөн эле ал жерден айдап жибербестен, атайын орун таап, аларды жаңы автовокзалдын аймагына барып токтоткула, ошол жерден заказыңарды кабыл ала бергиле деген чечим кабыл алынды",—деп түшүндүрдү Раманов.

Ошондой эле көчүрүлө турган жайда автоунааларга шарттар бар экендигин кошумчалады.

"Айдоочулар үчүн шарт бар машина койо турган, тамак-аш иче турган жер бар. Ошол жерге кааласаңар диспетчердик пункта уюштуруп берейли силерге [айдоочуларга] дегенбиз",— деди Раманов.

Чечим кабыл алганы менен азырынча ишке ашырылган жок. Учурда үйлөнүү-үлпөт кортеждери борбордук Курманжан-Датка көчөсүндө ишин улантууда.

Өзүн тааныштыруудан баш тарткан той унаалардын жетекчиси, мэриянын мындай буйругу иштелип чыкканы туралуу маалыматы жок жана шаарда болуп жаткан тыгындарга кортеждер күнөлүү эмес экендигин айтты.

"Биринчиден ал жакка [жылдыруучу жайга] силерге окшогон карапайым эл баралбайт, көп маршрутка жүрбөйт. Экинчиден шарт жок [...]. Силер көбөйгөндөй, машиналар да көбөйүп жатат",—деди ал.

Июлда Ош шаарынын милициясы шаардык кеңешке жол коопсуздугу кызматы үйлөнүү-үлпөт кортежине чыккан унаалардын санын төрттөн ашырбоо боюнча сунуш берген, бирок шаардык кеңеш мындай сунушту "жеке ишкерликтин укугун бузуу" деп баалап колдобой койгон.

Авторлор: Сапар уулу Элгазы, Таланбек кызы Гүлшайыр, Аксаамай Орозбекова.

Редактор: Айзат Шакиева