Түлеевге жардам бергендиги үчүн Бишкек мэриясынын мурунку чиновнигине карата кылмыш иши козголду

27-сентябрда Башкы прокуратура «Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуу транспорттук ишканасы» муниципалдык ишканасынын мурунку директору Медет Кожобергеновго карата кылмыш ишин козгоду. Тергөөнүн маалыматы боюнча, ал кытай автобустарын алып келүүдөгү «коррупциялык» иштерди жасоодо мурунку шаар башчысы Түлеевге жардам берген.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, Кожобергенов 2009-жылы Кытайдан грант түрүндө алынган автобустарды жеткирүүдө «коррупциялык» иштерди жасаган деп күнөөлөнүп жаткан Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеевге жардам берген деп шектелип жатат.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, ишкананын мурунку директору кытай тарап менен сүйлөшүп алып, жасалма документтерди даярдоо менен 100 миң АКШ долларынан ашык каражатты өздүк кылып алган.

Өлкөнүн башкы көзөмөлдөөчү органы Кожобергенов автобустарды алып келүү үчүн Кытайга барган иш сапарында да 14 миң АКШ долларын өздүк кылып алып алгандыгын аныктаган.

Экс-директор учурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында камакта.

Мурунку шаар башчысынын кармалышы

Атайын кызматтагылар Түлеевди 2012-жылдын 21-июнунда автобустарды алып келүүдөгү «коррупциялык» иштер боюнча кармашкан. Төрт күндөн кийин Биринчи май райондук соту аны УКМКнын тергөө абагына камоо чечимин чыгарган.

Депутат 2008-2010-жылдары Бишкек шаарынын мэри болуп турганда корруциялык иштерге барган деп күнөөлөнүп жатат. Башкы прокуратуранын версиясы боюнча, мурунку шаар башчысы 200 кытай автобусун жогорулатылган баада сатып алган.

Түлеев болсо айыптоолорду моюнуна албай, тескерисинче автобустарды базар баасынан төмөнкү баага сатып алгандыгын айтып жатат.

Башкы прокуратура 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин эле мурунку шаар башчысына карата кылмыш ишин козгогон. Бирок Түлеев оппозициялык «Ата-Журт» партиясынан парламенттин депутаты болуп шайлангандан кийин иш кайрадан жабылган.

Автор: Александра Ли