«Жарандар коррупцияга каршы» уюму Бишкек шаардык сотуна даттануу арызын жөнөттү. Алар Кыргызстандын аймагында «Мен мусулманмын, мен «геймин» тасмасын көрсөтүүгө жана сактоого тыюу салган Биринчи май райондук сотунун чечимин жокко чыгарууну талап кылып жатышат.
«Бир Дүйнө» фестивалынын негизги уюштуруучусу болгон «Жарандар коррупцияга каршы» укук коргоо уюму тасманы көрсөтүүгө тыюу салуу боюнча соттун чечимин мыйзамсыз жана Кыргызстандын Конституциясына каршы келет деп эсептейт. «Мен мусулманмын, мен «геймин» тасмасы «Бир Дүйнө» фестивалынын алкагында көрсөтүлмөк.
Активисттер 28-сентябрда тасманы «экстремисттик» деп тапкан Биринчи май райондук сотунунун чечимин жокко чыгарууну талап кылып Бишкек шаардык сотуна даттануу арызын беришти.
Укук коргоочулар билдиришкендей, атайын кызматтагылар соттук териштирүүнүн мурунку күнү тасманы «уурдап» да кетишкен.
«Атайын кызматтагылар тасманын көчүрмөсүн 2012-жылдын 27-сентябрында саат 11-12лерде фестиваль катышуучуларына билдирбей, тасманын автору менен фестивалдын уюштуруучуларынын интеллектуалдык менчик укугун бузуп уурдап алышкан», — деп жазылган уюмдун пресс-релизинде.
Азырынча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети комментарий берүү үчүн жеткиликсиз болуп жатат.
Башкы прокуратура тасманы интернеттен көрүү мүмкүнчүлүгүн тосмолоону Мамлекеттик байланыш агенттигинен 28-сентябрда талап кылган.
Тасманын режиссеру Крис Беллони «Клоопко» берген маегинде кыргыз бийлиги тарабынан тасмага мындай реакция болот деп күтпөгөндүгүн айтты.
«Мен коомчулук тараптан белгилүү бир реакцияны күткөм, бирок бийликтен мындай кадамды [тасманы көрсөтүүгө тыюу салууну] күткөн эмесмин», — деди режиссер.
«Мен мусулманмын, мен «геймин» — беш марокколук «гейдин» баштарынан өткөргөндөрүн камера айтып берүүлөрүнөн турган документалдуу тасма.
Бул акыркы айдын ичинде кыргыз бийлиги тарабынан «экстремисттик» деп табылган экинчи тасма — америкалык «Бейкүнөө мусулмандар» тасмасы «исламга ишенгендердин сезимин мазактаган» тасма катары өлкөдө тыюу салынган.
Автор: Шерзод Бабакулов
Редактор: Александра Ли