Башкы прокуратура «коррупционерлерди» милиция кызматкерлери менен биргеликте сентябрдын аягында колго түшүргөн. Тергөөнүн версиясы боюнча, алар Бишкек-Ош-Исфана унаа жолундагы өтмөктөр аркылуу күйүүчү май ташыган унааларды өткөрүү үчүн айдоочулардан пара талап кылышкан.
Өлкөнүн башкы көзөмөлдөөчү органы бир катар мамлекеттик мекемелердин - Унаа министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин - 20 кызматкерине карата кылмыш ишин козгоду.
Тергөөнүн версиясы боюнча, кармалгандар Бишкек-Ош-Исфана унаа жолундагы өтмөктөр аркылуу күйүүчү май ташыган унааларды өткөргөндүктөрү үчүн пара алып келишкен.
Күн сайын ал өтмөктөр аркылуу айдоочулары пара берген 20дай унаа өтүп турган. Алардын бир күндө бир жүк унаасынын айдоочусунан алган жалпы суммасы 5 миң сомдон 28 миң сомго чейин жеткен, деп билдирди журналисттер менен болгон жолугушуусунда ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов.
Колго түшүрүү боюнча иштер беш күн бою жүргөн — 21-сентябрдан 26-сентябрга чейин. Кармалгандар учурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында, деди ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси.
УКМК колго түшкөн мамлекеттик кызматкерлердин жактоочуларынын байланыш даректерин берүүдөн баш тартты.
Атайын белгиленип коюлган акчаларды министрликтин кармалган кызматкерлеринен кантип тапкандыктары оперативдүү тасмада даана көрүнүп турат.
Автор: Азат Рузиев
Редактор: Александра Ли