Журналисттер кесиптештерин коргоого алып парламенттин алдында митингке чыгышты

60тай журналист жана түрдүү кыймылдардын активисттери Жогорку Кеңештин имаратынын алдында сөз эркиндиги менен башка журналисттерди жактоого алып нааразычылык акциясын өткөрүштү. Бирок депутаттардын бири да митингдин катышуучуларына чыккан жок.

«Парламентке азуубузду көрсөтөбүз» деген аталыштагы тынчтык акциясына 30дан ашык жергиликтүү жана чет элдик интернет басылмалардын, гезиттердин, телеканалдардын журналисттери жана ошончолук эле сандагы түрдүү коомдук кыймылдардын активисттери катышышты.

Митинг катышуучулары Жогорку Кеңештин депутаттарын кабарчыларды жумуштарынан чектебөөгө жана басылмаларга кысым көрсөтпөөгө чакырышты.

Алар эл өкүлдөрүнүн талаптары боюнча «Фергана» эл аралык агенттигинин тосмолонушун, бир катар басылмалардын журналисттерин парламенттик аккредитациядан өткөрүүдөн баш тартууну, журналисттер менен парламентарийлердин ортосундагы соттук териштирүүлөрдү, ошондой эле Жогорку Кеңештин комиссиясынын отурумунан НТС телеканалынын журналисттеринин чыгарылгандыгын мисал катары келтиришти.

«Мунун бардыгы депутаттар тарабынан эл үчүн эмес, өзүлөрү үчүн гана жасалып жатат. Парламентарийлер алар жөнүндө жалаң жакшы нерселердин жазылышын каалап жатышат. Эл өкүлдөрүнүн өзүлөрү тууралуу эстегендиги мамлекетке кедергисин тийгизип жатат. Биздин өлкө парламенттик деп жарыяланган, депутаттар аны аларга кызмат кылышы керек деп сөзмө-сөз кабыл алышты», — деп билдирди нааразычылык акциясынын уюштуруучусу жана «МК-Азия» гезитинин башкы редактору Улугбек Бабакулов.

Митингке түрдүү жазуулары менен плакаттар даярдалган. Аларда: «Парламент — уят менен ыймандын жеткиликтүү аймагынан сырткары!», «Камералар бардыгын көрүшөт, диктофондор бардыгын угушат. Чындыкты жашыра албайсыңар!», «Абийириңди жаш кезиңен сакта. Бул жерде НТСтин тиешеси жок!», деп жазылган.

Катышуучулардан сырткары ал жерде иш-чараны чагылдырууга келген түрдүү ММКлардын 20дай журналисттери болду. Андан сырткары, митингке 10-15тей милиция кызматкери көз салып турду.

Нааразычылык акциясы бир сааттай убакытка созулду, бирок анын катышуучуларына депутаттардын же парламенттин өкүлдөрүнүн бири да чыккан жок. Митингдин соңунда журналисттер Жогорку Кеңештин төрагасына өтүнүч даярдашты, ал парламентке жиберилет.

Митингди өткөрүүнүн себеби

Бабакулов белгилегендей, митингди өткөрүүгө парламенттик «Ата Мекен» фракциясы менен НТС телеканалынын журналисттеринин ортосундагы пикир келишпестиктер себеп болгон.

2012-жылдын августунда НТС телеканалы гана Бишкектин №1 тергөө абагында жаткан Абдулла Юсуповдун маегин көрсөткөн. Анда Юсупов 2010-жылдын 7-апрелиндеги талап-тоноочулукту уюштурган деп «атамекенчи» депутаттардын бир нечесин күнөөлөгөн.

Бул айыптоолорду иликтөө үчүн парламенттик комиссия түзүлгөн. Өткөн аптада анын отурумдары болгон, бирок анда комиссиянын курамындагы «Ата Мекен» фракциясынын депутаттарынын талаптары менен НТС телеканалынын чыгармачылык тобу залдан чыгарылган.

Андан сырткары 28-сентябрда фракция лидери Өмүрбек Текебаев телеканалдын жетекчилигине карата кылмыш ишин козгоону, ошондой эле канал тарабынан мыйзамдардын сакталышын текшерүүнү талап кылган.

Бирок «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Наталья Никитенко «Клоопко» берген маегинде соттук негизде чечилиши керек болгондуктан «Ата Мекен» менен НТСтин ортосунда эч кандай пикир келишпестик жок деген оюн билдирди.

Курамына Никитенко да кирген парламенттик комиссиянын отурумунан НТС телеканалынын журналисттеринин чыгарылышын депутат Юсуповдун билдирүүлөрүн текшерүү үчүн күч түзүмдөрү тарабынан ачылган тергөөнүн «сыры» менен түшүндүрдү.

Автор: Аскар Акталов