Өкмөт пенсиянын көлөмүн ноябрда жогорулатууну убадалап жатат

Кыргызстандын бийлиги пенсиянын көлөмүн акырындык менен жогорулатып, жашоого мүмкүн болгон эң төмөнкү каражаттын көлөмүнө жеткирүүнү пландап жатышат, ал Кыргызстанда төрт миңден ашык сомду түзөт. Социалдык төлөмдөрдүн көлөмүн жогорулатуу долбоору кол коюуу үчүн премьер-министрге жөнөтүлгөн.

Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, пенсиялар болжолдуу түрдө орто эсеп менен 200 сомго жогорулайт. Бийликтегилер долбоорду ишке ашыруу үчүн 200 миллион сом коротууну пландап жатышат.

«Пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн көбөйтүү жөнүндөгү долбоор Каржы министрлиги тарабынан өкмөттүн аппаратына жөнөтүлгөн. Документке кол коюлаары менен пенсияларды жогорулатуунун механизми айтылат», — деп билдиришти Каржы министрлигинин басма сөз кызматынан.

Республикалык социалдык коргоо фондусунун басма сөз катчысы Мээрим Исхакова «Клоопко» берген маегинде пенсиялар 1-ноябрдан баштап көтөрүлө тургандыгын билдирди. Айтымында, пенсиянын орточо көлөмү 3 167 сомду түзөт, ал эми жошоого мүмкүн болгон эң төмөнкү каражат 4 069 сом.

Пенсионер Владимир Красавцев пенсия көлөмү жыл сайын жогорулаганы менен баары бир жетишпейт дейт.

«Мамлекет тарабынан берилип жаткан көлөмдөгү пенсияга жашоого мүмкүн эмес, ошондуктан кошумча акча табыш керек», — деп даттанды пенсионер.

Ал пенсиясы 5 миң сом экендигин жана кошумча акча табуу үчүн иштөөгө туура келээрин айтты. Айтымында, жубайынын пенсиясы 3 миң сомдон ашпайт, ал жашоого акча табуу үчүн көп кабаттуу үйлөрдүн астаналарын жууйт.

Аты-жөнүн айткысы келбеген башка пенсионер социалдык төлөмүнүн көлөмүн билдирген жок, бирок ал дагы пенсиянын жетпестигин айтты.

«Адам мындай көлөмдөгү пенсияга жашай алмак беле, ал коммуналдык кызматтар үчүн да төлөшү керек да», — дейт пенсионер.

Авторлор: Эльдос Казыбеков жана Нуржамал Жаныбекова

Редактор: Александра Ли