Колдонуучулардын саны көбөйгөндүктөн Ош шаарындагы интернеттин ылдамдыгы эки эсеге азайды

«Кыргызтелеком» телекоммуникациялык корпорациясы билдиргендей, Оштогу интернет-кошулуунун алдымдыгын кармап турууга компанияда жабдуулар жетишсиз. «Кыргызтелекомдун» маалыматы боюнча, шаардагы интернеттин ылдамдыгы эки эсеге азайды — секундасына 3 мегабиттен 1,5 мегабиттке чейин.

Ош шаарындагы интернет колдонуучулардын саны көбөйгөндүктөн, компания интернеттин ылдамдыгын азайтууга мажбур болду, дейт «Кыргызтелекомдун» Ош шаарындагы өкүлчүлүгүнүн маалыматтык бөлүмүнүн жетекчиси Бусурманкул Максутов.

Бирок ал Ош шаары боюнча канча колдонуучу бар экендигин так айтып бере алган жок.

«Ылдамдылыкка биз kg домендери боюнча эле чектөө киргиздик. (...). Эл аралык, силердин тарифиңер ошол боюнча [калыбында]. Колдонуучулар көбөйгөн сайын каналга жүк келип калып жатат», — деди Максутов.

Анын айтымында, интернеттин мурунку ылдамдыгын калыбына келтирүү үчүн жаңы жабдууларды орнотуу керек — учурда экинчи техникалык жабдуу оңдолуп жатат. План боюнча декабрда аяктайт.

«Кыргызтелеком» — Ош шаарын интернет менен камсыз кыла турган жалгыз таратуучу.

Интернеттин ылдамдыгы Жалал-Абад жана Баткен облустарында да азайды, деп кошумчалады маалыматтык бөлүмдүн жетекчиси.

Ош шаарындагы «Технолайн» интернет-кафесинин администратору Аваз Токтокунов студенттердин арасында колдонуучулар көп болгондуктан, алар сабактан чыккан маалдан тартып интернеттин ылдамдыгы төмөндөй тургандыгын айтты.

«Эртең менен жакшы, түштөн кийин начар. Кайрылсак [Кыргызтелекомго] оңдоо иштерин жүргүзүп жатабыз дейт. Иштери деле дайынсыз окшойт», — дейт Токтокунов.

«Джазира» интернет-клубунун администратору Саида Бөрүбаева, интернеттин ылдамдыгынын төмөн болгондугунан улам анын кардарлары азаят деп тынчсызданып жатат.

«Кардарлар келет, ылдамдыгы начар деп чыгып кетишет», - дейт ал.

Авторлор: Дастан Үмөтбай уулу жана Сапар уулу Элгазы

Редакторлор: Айзат Шакиева жана Зарема Султанбекова