УКМКнын мурунку жетекчиси Мурат Суталинов үй камагына бошотулду

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурунку жетекчиси Мурат Суталинов операциядан кийинки дарылануусу үчүн кайтаруудан бошотулду. Мындай чечим 1-октябрда, 2010-жылдагы апрель төңкөрүшүнүн катышуучуларына ок атуу боюнча өткөн сот жыйынында кабыл алынды.

Суталинов сот процессинде айыпталуучу катары өттү — болжолдуу версия боюнча, ал 2010-жылдын 7-апрелинде, президент Курманбек Бакиевди бийликтен кетирген күнү Ак үйдү алууга аракет кылган элге ок атуу буйругун берген.

Үстүбүздөгү жылдын жайында УКМКнын мурунку башчысы рак оорусунун үчүнчү даражасынан улам начарлап кеткен оң бөйрөгүн операция аркылуу алдырган. Андан кийин Суталинов атайын кызматтагылардын кайтаруусу менен Улуттук онкология борборунда дарыланып жаткан.

Айыпталуучунун жактоочусу Кубанычбек Ташбалтаев күзөтчүлөр Суталиновго «стресстик басым» жасап атышат деп эсептеп, аны үй камагына бошотууну соттон өтүнгөн.

2010-жылдын 7-апрели боюнча сот процессин алып барып жаткан Дамир Оңолбеков кечээ, 1-октябрда жактоочунун арызын канааттандырды. Суталинов болжолдуу түрдө 2013-жылдын жай айларына чейин дарыланат. Андан кийин ал буга чейин кармалып турган УКМКнын тергөө абагына которулат.

«AКИpress» маалымат агенттиги билдиргендей, «Мекен Шейиттери» кыймылынын лидери башында турган жабыр тарткан тарап соттун чечими менен макул болду.

Мурат Суталинов Бакиев президент кезинде Кыргызстандын атайын кызматын башкарып турган. Ал кызматынан 2010-жылдын апрелиндеги мамлекеттик төңкөрүштөн кийин кеткен.

Суталинов бир нече убакыт укук коргоо органдарынын көзөмөл мейкиндигинен жоголуп кетип, ага издөө жарыяланган.

Ал 2011-жылдын декабрында 7-апрель окуясы боюнча соттун жыйынына өз каалоосу менен келип, ошол замат УКМКнын тергөө абагына камалган.

Автор: Аскар Акталов

Сүрөт «Азаттык» радиосунун сайтынан алынды