Жогорку соттун чиновниги судьяларды тандоону «бурмалаган» деп шектелип жатат

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кыргызстандын Жогорку сотунун алдындагы соттук департаменттин директорун кармады — ал судьялыкка талапкерлерди тандоодогу тестирлөөнү бурмалаганга аракет кылган деп шектелип жатат. Азырынча анын кармалышын Жогорку соттогулар комментарийлебей эле.

Жогорку соттун алдындагы соттук департаменттин директору Абибилла Тажибаев менен Соттордун кеңешиндеги окуу борборунун алдыңкы катардагы адиси А.Шайхидиновдор тестирлөөнүн электрондук программасын иштеп чыгуучу фирманын өкүлүнө 6 миң АКШ долларын берип жаткан жеринен кармалышты.

УКМКнын маалыматы боюнча, ал акчалар октябрда боло турган судьялык кызматка 30 талапкерди тандоодогу тестирлөөнү бурмалоого жумшалмак.

Атайын кызматтагылар судьялык орундарга талапкерлерди тандап алуудагы "коррупциялык схемалар” чагылдырылган инфографиканы таратышты:

Башкы прокуратура кылмыштын белгилери менен «кызмат абалын пайдаланып зыян келтирүү» жана «пара берүү» беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.

Кармалгандар учурда УКМКнын тергөө абагында.

Жогорку соттун басма сөз кызматы бул боюнча өз көз караштарын кийинчирээк билдире тургандыктарын айтышты.

Автор: Зарема Султанбекова