Хроника: «Кумтөрдү» улутташтырууну талап кылып митингке чыккандар парламент имаратына кирүүгө аракет кылышты [17:02де жаңыланды]

«Кумтөрдү» улутташытруу маселеси боюнча митинг Бишкектин Ала-Тоо аянтына миңден ашык кишини чогултту. Анын жүрүшүндө митингдин бир нече катышуучусу парламенттин имаратына кирүүгө аракет кылды, мындан улам митингчилер менен милиция кызматкерлеринин ортосунда кагылыш болду. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, кагылыштын жыйынтыгында он киши жарат алды – алардын үчөөнө ок тийген.

17:13 "Азаттык" радиосу өз сайтына митингчилердин Ак үйдүн аймагына кирип баргандагы видеосун  жайгаштырды.

17:02 Саламаттык сактоо министрлиги: жарат алган 12 кишиге жардам берилди, алардын 9у - ИИМдин кызматкерлери. Беш киши амбулатордук жардам алышты, калгандары стационардык мекемелерге жөнөтүлдү. Каза болгон жана оор жарат алган оорулуулар жок.

16:52 Парламент имаратынын аймагына кирип барууга аракет кылгандыктары үчүн митинг катышуучулары менен милициянын ортосундагы кагылыш тартылган видео. Ошондой эле ага митингчилерди таратуу учуру да тартылып алынган.

http://www.youtube.com/watch?v=wivzRCcnjsM

16:32 "Кньюс": Митингдин уюштуруучусу жана "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Садыр Жапаров "Кумтөрдү" улутташтыруу үчүн болгон митингди "тынчтык" митинги деп атады.

16:02 «Кумтөрдү» улутташтыруу боюнча өтүп жаткан митингдин фонунда алтын өндүрүү кени таандык болгон "Центерра Голд" компаниясынын акциясы Торонтодогу канадалык фондулук биржасында бир пайызга төмөндөдү.

15:57 Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Елена Баялинова Фэйсбуктагы өзүнүн баракчасына Бишкектин медициналык жайларына алты киши келип түшкөндүгүн жазды.

15:40

15:37

15:14 Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы митингде жарат алгандардын саны 10го жеткендигин билдирди. Алардын үчөөнө ок тийген (бир аял жана эки эркек кишиге). Жабыр тарткандардын бардыгына тез жардам көрсөтүлү. Аларды тез жардам станциясынын дарыгерлери стационардык дарылоого даярдап жатышат.

15:09 Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов милиция кызматкерлери кызмат кылуунун күчөтүлгөн тартибине өткөндүгүн айтып, шаар тургундарын чагымчылдыкка азгырылбоого чакырды. Ал аянттагы окуяны "кырдаалды курчутууга аракет кылуу" катары мүнөздөп, "бирок бийлик бузуку күчтөрдүн толкундануусуна мүмкүнчүлүк берген жок" деди.

14:46 Тез жардам станциясынын башкы дарыгери Гүлнара Ташибекова митингдин катышуучулары менен милициянын ортосундагы кагылышта бир милиция кызматкери менен бир аялга ок тийип жарадар болгондугун "Клоопко" билдирди. Бирок Ташибекова алардын кайсыл жерине ок тийгендигин айтуудан баш тартты. Башкы дарыгер кошумчалагандай, митингдин дагы бир нече катышуучусу "кичи жараттарды алып, баш сөөктөрү чайкалган".

14:33 Атчан аскерлер Ак үйдүн имаратынын жанында айланып жүрөт. Милиция Чүй проспектисин "Россия" кинотеатрынан Эркиндик гүлбагына чейин унаа кыймылы үчүн ачты.

14:25 Окуя болгон жерден "Клооптун" кабарчысы Жогорку Кеңештин имараты дагы деле милиция кызматкерлеринин курчоосунда экендигин билдирди.

14:23 Митингке чыккандардын негизги тобу Ала-Тоо аянтын "таштап кетти", деп билдирди "Клооптун" кабарчысы.

14:19 Бүгүнкү митинг боюнча бардык ишти Башкы прокуратурага жиберишет. Ички иштер министрлиги митингке чыккандардын коопсуздугун сактоону моюнуна алды, деди Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев.

14:12 Милиция кызматкерлери менен митингдин катышуучуларынын ортосунда кагылыш болду, анын жыйынтыгында бир адам жабыр тартты. Ак үй тарапка тез жардам унаасы келди, деп билдирет "Клооптун" кабарчысы.

14:05 Митингке 120 милиция кызматкери көзөмөл жүргүзүп жатат, деп билдирди "Клооптун" кабарчысы Эльдияр Арыкбаев.

14:02 Парламент имаратынын чыгыш тарабындагы кире беришинде "тарсылдаган" үндөр угулуп, түтүн чыкты, деп билдирди "Клооптун" кабарчысы Улугбек Акишев.

13:56 Улуттук гвардиянын 70-80дей аскери Тоголок Молдо көчөсү менен Ак үйдү көздөй кетип бара жатат.

13:37 Жогорку Кеңеште коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Парламент имаратына Жогорку Кеңештин депутаттары, аккредитациядан өткөн журналисттер жана аппараттын кызматкерлеринен башка эч кимди кое бербей жатышат, деп билдирди "Клооптун" кабарчысы.

13:29 Биз, митингке чыккандар "Кумтөрдү" тез аранын ичинде андагы жумуштарды токтотпостон улутташтырууну талап кылабыз, дейт "Асаба" партиясынын лидери Салмоорбек Дыйканов. Дыйкановдун айтымында, митингдин катышуучулары ошондой эле "Кумтөр" менен өкмөттүн ортосундагы жашыруун сүйлөшүүлөргө катышкандарды кылмыш ишин козгоону талап кылып жатышат. Ал сүйлөшүүлөргө ылайык, алтын өндүрүүдөгү Кыргызстандын үлүшү 2003-жылдан бери 67 пайыздан 15 пайызга төмөндөгөн.

12:07 "Кумтөрдү" улутташтыруу маселеси боюнча өтүп жаткан митинг Бишкектин борбордук Ала-Тоо аянтына миңден ашык кишини чогултту. Уюштуруучулар митингке үч миндей киши келет деп күтүп жаткандыктарын айтышты.

11:28 "Кумтөрдү" улутташтыруу маселеси боюнча митинг Бишкектин борбордук аянтында 2012-жылдын 3-октябрында өтөт. Уюштуруучулар анын жүрүшүндө "Кумтөрдүн" ишине тиешеси бар коррупционер-чиновниктердин тизмесин жарыялоо ниетин билдиришкен.

11:20 Өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев 25-сентябрда «Кумтөр» алтын кени улутташтырылбай тургандыгын билдирген. Бирок ал кенди «тартипке келтирүүнү» жана анын ишмердүүлүгүн текшерүүнү аягына чейин чыгаруу талабын койгон.

Премьер-министр мындай билдирүүнү тоо кен тармагындагы абал тууралуу өткөн кеңешмеде айткан.

«Кумтөр» улутташтырылбайт. Бирок ал жерди тартипке келтирүү керек. Учурда мамлекеттик комиссия ошону менен алектенүүдө», — деп жазат «Тазабек» агенттиги Сатыбалдиевдин сөзүн.

Премьер-министр жакында мамлекеттик комиссиянын кенди комплекстүү текшерүүсү аяктай тургандыгына үмүтү бар экендигин айтты. Ал комиссия Жогорку Кеңештин тапшырмасы менен өкмөт тарабынан үстүбүздөгү жылдын июлунда түзүлгөн.

Сүрөт “Кумтөр Оперейтинг Компани” компаниясынын сайтынан алынды