Илимдер академиясы илимий эмгектердин виртуалдуу китепканасын ачат

Миңдеген илимий эмгектер, журналдар жана жарыяланып чыккан макалалар — мунун бардыгын кыргыз студенттери Улуттук илимдер академиясы ишке киргизип жаткан виртуалдуу китепканадан табат. Долбоордун авторлорунун билдирүүлөрү боюнча, мындай веб-сайт Орто Азия өлкөлөрүнүн биринде да жок.

kyrgyzstanvsl.org  веб-сайты 10 миллиондогон илимий макалалар менен 12 миңдей илимий журналдардын материалдарына бекер кирүү мүмкүнчүлүгүн берет, деп билдирет Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясы. Учурда сайт иштелип чыгып бүтүп калды жана ал системага катталган колдонуучулар үчүн гана жеткиликтүү.

Кийинчерээк Кыргызстандын бардык жогорку окуу жайларынын студенттери менен окумуштууларына да сайттагы илимий эмгектер жеткиликтүү болот — сайтка окуу жайдын китепканачысы берген логин жана сыр сөз аркылуу гана кирүүгө мүмкүн болот.

«Алар бардык илимий эмгектер, макалалар менен тааныша алышат. Батыш окумуштууларынын гана эмес, орус жана кыргыз тилдүү окумуштуулардын да», — дейт Улуттук илимдер академиясынын борбордук илимий китепканасынын директору Ширин Ибраимова.

Бул сыяктуу виртуалдуу китепкана Орто Азиянын башка өлкөлөрүндө жок — мындай китепкананы ачууну Казакстанда, Тажикстанда жана башка Борбордук Азия өлкөлөрүндө пландап жатышат, дейт Ибраимова.

Сайтты иштеп чыгуучулар анын кыргыз жана орус тилиндеги версияларын эске алышкан, анын мазмуну толукталып турат. Кыргыз окумуштууларынын илимий эмгектери 2013-жылдан тартып сайтка жайгаштырыла баштайт.

«Ресурс мындан ары да өсөт. Бүгүнкү күндө ал жерде 10 миңдей илимий эмгек бар, дагы көбөйөт. Бирок сайт азыр Илимдер академиясынын окумуштууларына, каттоодон өткөн колдонуучулар үчүн гана жеткиликтүү», — дейт Борбордук илимий китепкананын башчысы.

Виртуалдуу китепкана Бириккен улуттар уюмунун Research4Life («Ресерч фор лайф») жыйындыларына, ошондой эле ачык журналдар, ArXiv.org аттуу илимий макалалардын электрондук басылмаларына жана башка ушул сыяктуу базаларга кирүү мүмкүнчүлүгүн берет.

Автор: Адилет Калдарбаев

Редактор: Зарема Султанбекова