Октябрдын аягына карата күйүүчү майга болгон баалар жогорулайт

Кыргызстандын Мунай ташуучулар ассоциациясы айдын аягына чейин күйүүчү майга болгон баалар бир сомго жогорулай тургандыгын билдирди. Бишкек шаарынын таксисттери баалар жогоруласа алар такси жүргүнчүлөрүнүн жол киресин көтөрө тургандыктарын айтып жатышат.

Кыргызстандын Мунай ташуучулар ассоциациясынын башчысы Жумакадыр Акенеев «Клоопко» берген маегинде күйүүчү майга болгон баалар этап-этабы менен жогорулайт деп билдирди. Айтымында, октябрдын аягына чейин жогорулоо 1 сомго чейин жетет.

«Мен баалардын көтөрүлүүсүнүн так датасын айта албайм. Ар декада сайын кымбаттап турат», — деди мунай ташуучулардын башчысы. Акенеев биринчи жогорулоо болжолдуу түрдө 10-октябрда болоорун кошумчалады.

Ассоциация президенти журналисттер менен жолугушуу маалында күйүүчү майга болгон баалардын жогорулоосуна Орусияда баалардын 11 центке кымбатташы себеп болгондугун айтты. Кыргызстанга алынып келинген мунайдын 80 пайызы Орусиядан келет.

Акенеев белгилегендей, октябрдан кийин күйүүчү майга болгон баалардын жогорулоосу күтүлбөйт.

«Эл аралык рынокто мунай затына болгон баалар турукташып жатат, өсүү тенденциясы жок», — деди ал.

Акенеевдин айтымында, эгер өкмөт айлана-чөйрөгө зыян келтиргендиги үчүн деп мунай затын ташуучуларды салыктар менен жүктөп салбаганда күйүүчү майга болгон баалар арзаныраак болмок. Ал аталган салыктын айынан дизелдик майдын баасы 14 тыйынга, бензинге болгон баа 60 тыйынга жогорулагандыгын айтты.

Азыр Бишкек шаарындагы май куюуучу жайларда дизелдик майдын бир литри 40 сомдун айланасында болуп жатса, бензиндин литри 32 сомдон 39 сомго чейинки баада сатылып жатат.

Таксисттер бааларды көтөрүшөт

Бишкек шаарындагы таксист Сергей Югай күйүүчү майга баалар көтөрүлсө такси жүргүнчүлөрүнүн жол кирелери да жогорулайт дейт.

«Күйүүчү майдын баасы жогоруласа жол кире да кымбаттайт, мунун баары карапайым адамдарга гана таасирин тийгизет», – дейт Югай.

Ал күйүүчү майга болгон баалардын жогорулоосу азык-түлүктүн кымбатташына алып келет деп эсептейт.

Аты-жөнүн билдиргиси келбеген таксист күйүүчү майга болгон баалар мындан ары жогорулабайт деп үмүттөнүп жаткандыгын айтты.

«Албетте баа төмөн болбойт, жок дегенде өспөй бир калыпта сакталып турса жакшы болмок», – дейт ал.

Авторлор: Азат Рузиев жана Нуржамал Жаныбекова

Редактор: Александра Ли