Соттун жыйынында Сабировдун жардамчысы көрсөтмөсүн өзгөрттү

Мурунку социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабировдун экс-жардамчысы Тахир Мирзаметов өз көрсөтмөсүн өзгөрттү — эми ал Сабировдун күнөөсү жок деп айтты. Башкы прокуратура Мирзаметовдун айткандарынын негизинде «пара талап кылуу» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

Мирзаметов өзүнүн мурунку жетекчиси Сабиров үчүн пара талап кылган деп күнөөлөнүп жатат — 3-октябрда өткөн Биринчи май райондук сотунун жыйынында Мирзаметов өз көрсөтмөсүн өзгөртүү.

«Биринчи жактоочум Сабировго каршы көрсөтмө берсең кылмыш жоопкерчилигине тартылбайсың, белгилүү бир аймактан чыкпоо өкүмү менен кое беришет деген», – деди Мирзаметов сотто.

Сабировдун жардамчысынын жаңы көрсөтмөсүнө ылайык, экс-министрдин пара талап кылууга эч кандай тиешеси жок болгон.

Балдарды асырап алуу боюнча иш алып барган италиялык уюмдун өкүлү Гүлайым Исмаилова аттестатка кол коюуу боюнча маалымат алуу үчүн Мирзаметовго 15 миң АКШ долларын сунуш кылган, деп билдирди мурунку министрдин жардамчысы сотто.

Айтымында, ал Сабировго алышы керек болгон «пара» тууралуу билдирген эмес.

«Мен аттестация жөнүндө билип берем деп айткам. Исмаилованын өтүнүчүн Сабировго билдирген эмесмин», – деди Мирзаметов.

Ал Исмаиловадан алган «паранын» 5 миң долларын өзүнө алып калгысы келгендигин айтты — ал «паранын» бир бөлүгүн алгандан кийин кармалган.

Башкы прокуратура Сабировго карата кылмыш ишин 2012-жылдын июлунда, анын жардамчысы Мирзаметовдун көрсөтмөсүнө таянып козгогон — анда Мирзаметов параны жетекчиси үчүн талап кылгандыгын айткан. Атайын кызматтагылар экс-министр Сабировду 5-июлда кармашкан.

Чиновник айыптоолордун бардыгын четке кагып жатат.

«Мен айыптоолордун бир дагы пункту менен макул эмесмин, эч нерсеге күнөөм жок. Эч кимден пара алып же талап кылган эмесмин», – деген Сабиров анын иши боюнча өткөн сот жыйынынын биринен кийин.

Редакторлор: Александра Ли жана Зарема Султанбекова