Домени үчүн акча төлөнбөгөндүктөн УКМКнын сайты жеткиликсиз болуп жатат

Атайын кызматтагылардын расмий сайты gknb.kg. домени үчүн 23-сентябрдан бери акча төлөнбөгөндүктөн эки аптадан бери ачылбай жатат. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы ресурс жеткиликтүү деп, далилдөөгө аракет кылып жатат.

УКМКнын сайтын тейлеген «АзияИнфо» компаниясынын оператору «Клоопко» берген маегинде сайт домени үчүн акча төлөбөгөндүгү үчүн тосмолонгондугун билдирди.

Кыргызстандын домендерин каттоо кызматынын сайтында жазылгандай, атайын кызматтагылардын сайты үчүн төлөө мөөнөтү өткөн айдын соңунда — 23-сентябрда аяктаган.

Эми УКМК домени үчүн 23-октябрга чейин акча төлөш керек, антпесе аны каалаган адам өз атына каттатып ала алат.

Бул боюнча түрдүү интернет таркатуучулардын кызматтары менен пайдалаган интернет колдонуучулар сурамжыланды - алардын бардыгы сайт эң аз дегенде эки аптадан бери ачылбай жаткандыгын айтышты.

Сайтты ачууга аракет кылганда ката кеткендиги тууралуу — сервер сайттын IP-дарегин аныктай албай жатат же сайттын домендик аталышы жок - деген билдирүү пайда болуп жатат.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы сайт жакшы эле иштеп жаткандыгын айтты.

«Эч кандай тоскоолдуктарсыз эле сопсонун ачылып атат. Бизде бардыгы жайында», — деди басма сөз кызматынын кызматкери.

Атайын кызматтагылар кайсы интернет таркатуу компаниясынын кызматтары менен колдоно тургандыктарын айтуудан баш тартышты — УКМКнын кызматкеринин айтымында, ал маалымат сыр болуп эсептелинет экен.

Автор: Нурия Рыскулова

Редактор: Александра Ли