«Ата-Журт» партиясы лидерлерин жактап бүткүл Кыргызстан боюнча митинг өткөрүүгө даярданып жатат

Кыргызстандын шаарларында 4-октябрга белгиленген нааразычылык акциялары атайын кызмат тарабынан Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов жана Садыр Жапаровдордун кармалышына карата оппозициялык «Ата-Журт» партиясынын реакциясы болот.

Партиянын басма сөз катчысы Нургазы Анаркулов «Ата-Журттун» лидерлеринин кармалышы бийлик тарабынан жасалып жаткан «саясий куугунтук» катары бааланып жаткандыгын билдирди.

«Мындай жол менен бийликтегилер биздин лидерлердин ишмердүүлүктөрүнө тыюу салгылары келип жатат. Биз алардын тез аранын ичинде кое берилишин талап кылабыз. Биздин тарапташтар аймактарда чогула баштады. Жалал-Абадда 12:00гө карата митинг белгиленип жатат. Бишкекте нааразычылык акциясы саат 13:00дө УКМКнын имаратынан алдында болот», — деди Анаркулов.

Анын айтымында, нааразычылык акцияларын Баткенде, Ошто жана Караколдо өткөрүү пландалып жатат. Жалал-Абад менен Ошто «атажуртчулар» 20-30 миңдей жана УКМКнын имаратынын алдына «болжол менен 5 миңдей» тарапташтарын чогултуу ниетинде.

Анаркулов белгилегендей, алар тынчтык митингин өткөрүүнү пландап жатышат, бирок анда катышкысы келгендер уюштуруучуларды «укпай жатышат».

«Биз эч качан бийликти алмаштырууга чыкырып, үгүттөгөн эмеспиз. Биздики тынчтык митингдер болот. Биз лидерлерибизди гана бошотууну каалап жатабыз», — деп кошумчалады оппозициялык партиянын басма сөз катчысы.

«Ата-Журттун» лидерлеринин кармалышы

«Ата-Журт» фракциясынын депутаттары Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытовдор 3-октябрда кечинде кармалган. Күндүз болсо алар борбордук Ала-Тоо аянтында «Кумтөр» кенин улутташтырууну талап кылып митинг өткөрүшкөн.

Митингдин жүрүшүндө Ташиев бийликти алмаштырууга чакырып, парламенттин имаратына 50-70тей кишини алып келген. Жабык турган дарбазадан өтө албай, Ташиев тарапташтары менен бирге тосмо аркылуу өтүшкөн.

Бирок парламенттин күзөтчүлөрү менен милиция кызматкерлери көздөн жаш агызчу газ колдонуп аларды сүрүп чыгарышты. Анын жыйынтыгында митингдин катышуучулары менен милиция ортосунда кагылыш болуп, 12 киши жарат алган.

Башкы прокуратура депутатттарга карата Кылмыш кодексинин 295-(күч колдонуп бийликти басып алуу) жана 297-(Конституциялык түзүлүштү күч колдонуп өзгөртүү чакырыктарын эл алдында айтуу) беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.

Кылмыш кодексинде мындай аракеттер үчун эң аз дегенде 12 жылга эркинен ажыратуу каралган. Азырынча парламентарийлер УКМКнын тергөө абагында камакта. Эки күндүн ичинде аларга күнөө коюуулары керек.

Авторлор: Аскар Акталов жана Бермет Момункулова