Хроника: Жалал-Абаддагы митингке чыккандар Бишкек-Ош унаа жолун тосуп алышты[17:45те жаңыланды]

 

Жалал-Абад шаарындагы «Ата-Журт» партиясынын тарапташтары Бишкек-Ош унаа жолун тосуп алышты. Алар кечээ кармалган лидерлерин кое берүүнү жана «Кумтөр» кенин улутташтырууну талап кылып жатышат.

17:45 «Клооптун» кабарчысы билдиргендей, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин имаратынын жанында 30дай киши жүрөт.

Алар ал жерде түнгө чейин боло тургандыктарын билдиришкен.

17:35 Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун акими Нурболот Мирзахмедов «Клоопко» берген маегинде митинг өткөрүп жаткан «Ата-Журт» партиясынын тарапташтары Бишкек-Ош унаа жолун тосуп алышкандыгын айтты.

«Жол жабык. Митингке катышып жаткандардын так санын айта албайм. Анткени аларга жөн эле өтүп бараткандар да аралашып кетти», – деп билдирди Мирзахмедов.

Митингчилер Камчыбек Ташиевди кое бергенге чейин жолду ачпайбыз деп жатышат, - деди аким.

Жол тосулган жерде жүргөн «Кылым шамы» укук коргоо уюмунун Жалал-Абад облусу боюнча координатору Абдуназар Маматисламов «Клоопко» берген маегинде Бишкек-Ош унаа жолундагы Бешмойнок айылына жакын жерге 200дөн ашык киши чогулгандыгын билдирди.

16:31 Жалал-Абаддагы 7-каналдын кабарчысы Мунара Жапарова «Клоопко» берген маегинде шаардагы митинг аяктагандыгын билдирди.

Анын айтымында, ата-журтчулардын тарапташтары саат үчкө чейин митинг өткөрүшүп, андан кийин облус губернатору Жусупали Төрөмаматов менен жолугушууну талап кылышкан.

«Митингдин катышуучулары Барпы көчөсүн [шаардын борбордук көчөлөрүнүн бирин] тосуп алгылары келген, бирок лидерлери каршы болуп койду», – деди Жапарова.

Митинг катышуучулары нааразычылык акциясын эртең улантууну пландап жатышат, деп кошумчалады кабарчы.

15:20 Парламент жыйынында Кыргызстандын Башкы прокурору Аида Салянова сабоо тууралуу Мамытов арыз жазбагандыгын билдирди.

«Мен анын сурак берүүсүндөгү протоколун окугам. Ал эч кимге дооматы жок экендигин жазган», – деди Салянова.

15:04 Парламент жыйынында Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев менен УКМКнын төрагасынын орун басары Дүйшөнбек Чоткараевдер 3-октябрда митингке чыккандарга карата резина октор менен ким аткандыгын билбей тургандыктарын айтышты.

14:59 Айткулов маегинде депутаттардын унааларын 3-октябрь күнү кечинде тинтишкендигин айтты.

Ал Ташиевдин унаасынан эч нерсе табылбагагандыгын билдирди.

Жактоочу кошумчалагандай, Жапаровдун унаасынан курал табылган, бирок аны алып жүрүүгө депутаттын уруксат баракчасы болгон.

14:51 Митингке катышып жаткан кармалган депутаттардын туугандары парламентарийлерди «сабап жатышат» деп даттанышууда.

Ташиевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов «Клоопко» берген маегинде ал жактап жаткан депутатты эч ким сабабагандыгын айтты.

14:41 Чоткараевдин айтымында, 3-октябрдагы митингдин алдында атайын кызматтагыларда паламентке чабуул жасоо мүмкүндүгү тууралуу так маалымат болгон эмес.

«Нааразычылык акциясы тынч өтөт деп күтүлүп жаткан», – деди ал парламентте.

14:36 Парламент жыйынында УКМКнын төрагасынын орун басары Дүйшөнбек Чоткараев Мамытов 3-октябрь күнү кечинде мекеменин ооруканасына жаткырылгандыгын билдирди.

Ал депутатты УКМКнын имаратына алып келгенде уюган кандары менен шишиген жерлери болгон жана аны ооруканага алып кетишти деди.

14:30 Ата-журтчу Акматбек Келдибеков журналисттер менен жолугушуу маалында митинг болуп жаткандыгын жана тынч өтөөрүн билдирди.

«Биз каалайбызбы, каалабайбызбы нааразычылык акциялары боло берет. [...] Камчыбек Ташиевдин көптөгөн тарапташтары бар жана алар митингдерге чыгышат», – деди Келдибеков.

«Ата-Журт» партиясынын 300 миңден ашык мүчөсү бар, деп кошумчалады депутат.

14:12 Бишкекте, УКМКнын имаратынын жанында кармалган «Ата-Журт» партиясынын лидерлеринин тарапташтарынын митинги башталды.

«Клооптун» кабарчыларынын баамында митингке 60тан ашык киши катышып жатат.

Митингдин катышуучулары – ата-журтчулар мыйзамсыз кармалган жана аларды кое берүү керек - деген жазуулары бар плакаттарды кармап алышкан.

Журналисттердин партия лидерлеринин кармалышы эмнеге мыйзамсыз деген суроолоруна алар жооп бере алышкан жок.

14:02 «Ата-Журт» партиясынын лидерлери Курманбек Осмонов менен Азамат Арапбаевдер «Клоопко» берген маектеринде Жалал-Абад шаарында өтүп жаткан митинг тууралуу эч нерсе билбей тургандыктарын айтышты.

13:38 Аты-жөнүн билдиргиси келбеген Жалал-Абад шаардык мэриясынын кызматкери «Клоопко» берген маегинде митингдин катышуучулары Камчыбек Ташиев менен кармалган башка ата-журтчулардын өмүрү үчүн тынчсызданып жатышат деди.

«Алардын [митинг катышуучуларынын] талаптары «Кумтөр» кенине байланыштуу маселени чечүү жана депутаттарды кое берүү. Айтымдарында, митингке чыккандар эл өкүлдөрүн урат деп коркуп жатышат»,—деп билдирди кызматкер.

13:35 Митингдегилер «Ташиевке боштондук» деген жазууларв бар плакаттарды кармап алышкан.

13:20 Азырынча Жалал-Абад обладминистрациясы менен шаардык мэрия комментарий берүүгө жеткиликсиз болуп жатат.

13:15 Жалал-Абад университетинин студенти Феруза Ташболот кызынын айтымында, обладминистрациянын жанына 1500дөй киши чогулган. Анда Ташиевдин тарапташтары кезек-кезек менен чыгып сөз сүйлөп жатышат.

«Адамдар өтө көп, барган сайын көбөйүп баратат»,— дейт студент.

13:00 Баткен, Ош жана Каракол мэрияларынан шаарда митинг болбой эле деп билдиришти.

12:25 Жалал-Абад шаарынын жашоочусу Асылбек Шералиев нааразычылык акциясы саат 11:30дарда башталгандыгын «Клоопко» билдирди. Ал облустук мамлекеттик администрациянын жанында 300дөй киши бар экендигин, бирок элдер дагы келип жаткандыктарын кошумчалады.

Митингдин катышуучулары лидерлерин кое берүүнү, ошондой эле Ысык-Көл облусунда жайгашкан «Кумтөр» кенин улутташтырууну талап кылып жатышат.

12:10 Жалал-Абад шаарынын тургуну Айгүл Айдарова өзүнүн «Фэйсбук» социалдык тармагындагы баракчысына обладминистрациянын жанына бир саат мурун элдер чогула баштагандыгын жазды.

12:00 Партия «Ата-Журт» партиясы Жалал-Абад жана башка бир катар шаарларда лидерлери Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытоадорду жактап митинг өткөрүү ниетинде. Алар кечээ «бийликти басып алууга аракет кылгандыктары» үчүн кармалышкан жана учурда УКМКнын тергөө абагында камакта.

Башкы прокуратура депутатттарга карата Кылмыш кодексинин 295-(күч колдонуп бийликти басып алуу) жана 297-(Конституциялык түзүлүштү күч колдонуп өзгөртүү чакырыктарын эл алдында айтуу) беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

«Ата-Журттун» митингин уюштуруучулар Ош менен Жалал-Абаддагы акцияга «20-30 миңдей кишинин» катышуусун күтүп жатат.

Авторлор: Аскар Акталов, Дастан Үмөтбай уулу, Айзат Шакиева, Александра Ли, Азат Рузиев жана Бермет Момункулова