Ташиев, Мамытов жана Жапаровдор эң аз дегенде 12 жылга соттолушу мүмкүн

«Ата-Журттун» депутаттары Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов жана Садыр Жапаровдорго карата күч колдонуп төңкөрүш жасоого аракет кылгандыктары жана эл алдынды бийликти алмаштыруу боюнча чакырыктарды айткандыктары үчүн кылмыш иши козголду. Аталган иштер үчүн мыйзамда эң аз дегенде 12 жылдан кем эмес эркинен ажыратуу чарасы каралган.

Жактоочу Икрамидин Айткулов атайын кызматтагылар Жапаров менен Ташиевден сырткары парламент вице-спикери Талант Мамытовду да кармагандыктарын «Клоопко» билдирди.

Юристтин айтымында, 4-октябрда эртең мененки саат 4:00дө алар расмий түрдө 48 саатка кармалышкан жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына жеткирилген.

Башкы прокуратура депутатттарга карата Кылмыш кодексинин 295-(күч колдонуп бийликти басып алуу) жана 297-(Конституциялык түзүлүштү күч колдонуп өзгөртүү чакырыктарын эл алдында айтуу) беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.

Айткулов парламентарийлерге карата кылмыш иши саясий мотивдердин негизинде козголду деп эсептейт. Айтымында, оппозиционерлерди куугунтуктоого олуттуу деле негиз болгон эмес.

«Ак үйдүн курчоосу аркылуу өткөндүгүн бийликти басып алуу аракети катары эсептеп жатышат — бул күлкүлүү болуп жатпайбы. Кылмыштын козголушунун укуктук эмес, саясий максаттуулугу тууралуу суроо пайда болуп жатат», — деп билдирди Ташиевдин жактоочусу.

Кармалган сааттан тартып эки күндүн аралыгында оппозициялык депутаттарга расмий күнөө коюп же кое берүүлөрү керек.

Кыргызстандын Кылмыш кодексине ылайык, бийликти күч колдонуп басып алуу аракети үчүн 12 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылат. Ал эми бийликти алмаштыруу чакырыктарын эл алдында айтуу үчүн айып төлөйт же бир жылга эркинен ажыратылат.

Жапаров, Ташиев жана Мамытовдор 3-октябрда кечинде кармалган. Күндүз болсо алар борбордук Ала-Тоо аянтында «Кумтөр» кенин улутташтырууну талап кылып митинг өткөрүшкөн.

Митингдин жүрүшүндө Ташиев бийликти алмаштырууга чакырып, парламенттин имаратына 50-70тей кишини алып келген. Жабык турган дарбазадан өтө албай, Ташиев тарапташтары менен бирге тосмо аркылуу өтүшкөн.

Бирок парламенттин күзөтчүлөрү менен милиция кызматкерлери көздөн жаш агызчу газ колдонуп аларды сүрүп чыгарышты.

Митингдин катышуучулары менен милиция ортосундагы кагылыштан 12 киши жарат алган.

Саясат таануучу Марс Сариев «Кумтөрдү» улутташтыруу - митингди өткөрүүнүн шылтоосу гана болгон, алгач митинг башка максаттар менен уюштурулган деди.

«Кумтөр» маселеси - өлкөдөгү абалды курчутуп, бийликти басып алууга болгон аракеттерди калкалоо болгон», — деп эсептейт Сариев.

Анын пикиринде, «Кумтөр» оппозициянын «бийликке келүүчү» каражаты болгон.

«Артык кылам деп...»

«Ата-Журттун» калган депутаттары бүгүн, 4-октябрда парламент жыйынында кармалган кесиптештерин колдоп сөз сүйлөштү.

Парламентарий Жылдыз Жолдошеванын айтымында, учурда Кыргызстанда президент, Башкы прокурор жана атайын кызматтын башчысы жок. Үч депутатты кармап, кылмыш ишин козгоо чечими алардын кол алдындагылар тарабынан кабыл алынган.

«Бардыгын бул мекемелердин башкармалыктарынын жетекчилери өз алдынча жасашты. Алар президентке артык кылабыз деп, тыртык кылып, шайлоодо анын оппоненти Ташиевди камакка албаса болду», — деп билдирди ал.

«Атажуртчу» Акматбек Келдибеков кесиптештеринин кармалышын Жогорку Кеңеште карап, чечүү керек деген пикирин билдирди.

«Эгер бул маселени парламент чечпесе, эл чечет», — деп опузалады эл өкүлү.

Алардын көз караштарына башка парламентарийлер каршы чыгышты.

«Ар-Намыс» фракциясынын депутаты Эсенгул Исаков бир дагы депутатка мыйзамды бузууга уруксат берилбегендигин белгиледи.

«Кимдир бирөө бузса, ал жоопкерчиликке тартылышы керек», — деди ал.

Парламент төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн бул маселе Жогорку Кеңеште күч түзүмдөрү менен Башкы прокуратуранын катышуусунда карала тургандыгын билдирди.

Авторлор: Аскар Акталов жана Оля Гейн