Хроника: «Ата-Журттун» лидерлери эки айга тергөө абагына камалды[23:37де жаңыланды]

 

Биринчи май райондук соту 4-октябрда кармалган депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдорду тергөө аяктаганга чейин эки айга Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына камоо чечимин чыгарды.


23:07 Жапаровдун жактоочусу депутатты УКМКнын тергөө абагына эки айга камоо чечими чыгарылгандыгын билдирди.

Ал дагы соттун чечими боюнча даттануу ниети бардыгын билдирди.

23:00 Ташиев, Жапаров жана Мамытовдорду райондук сот имаратынан алып кетип бара жатышат.

22:57 Ташиев жактоочусу аркылуу элден митингке чыкпашын өтүндү.

«Саясий иш, чындык жөнүндө айтып болбойт», — деди Айткулов.

22:53 Ташиевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов соттун чечими менен ал жактоого алган депутат УКМКнын тергөө абагына камала тургандыгын билдирди.

Айткулов сот чечими боюнча даттануу ниети бар экендигин айтты.

22:52 Журабаев соттун чечими боюнча даттануу ниети бар экендигин билдирди.

22:50 Мамытов УКМКнын тергөө абагына эки айка камалат, деди анын жактоочусу Искендер Журабаев.

20:47  Процессти судья Абдураззак Боромбаев алып барып жатат.

Кармалган парламентарийлердин кепилдиги үчүн 20 депутат кол койду – алардын арасында «Ата-Журт», «Ата Мекен» жана «Республика» партиясынан эл өкүлдөрү бар.

20:43 «Элдик Кеңеш» партиясынын лидери Роза Нарматова Ташиев өлкөнүн бөлүнүшүнө каршы экендигин айтты.

«Төңкөрүштү же бийликти басып алууну эч ким каалаган эмес», – дейт Нарматова.

Жапаровдун жактоочусу ал жактоого алган тосмого чыкпагандыгын жана төңкөрүш жасоого аракет кылбагандыгын билдирди.

20:28 «Ата-Журт» партиясынын тарапташтары «Ташиев, Ташиев» деп кыйкыра баштады. Атайын багыттагы милиция кызматкерлери эч кимди өткөрбөш үчүн тосмо келишти.

«Клооптун» кабарчысынын баамында, сот имаратынын жанында «Ата-Журт» партиясынын жүздөн ашык тарапташтары жүрөт.

20:25 Соттун имаратына Ташиевди алып келишти.

20:12 Акыйкатчы Турсунбек Акун кармалган депутаттар сотко 5-октябрь күнү кечки саат 10до алынып келерин айтты.

19:40 Токталиевдин айтымында, ал Жапаров УКМКнын тергөө абагында камалып турган кезде аны көргөн – ал депутаттын абалын «басыранкаган» деп баалады.

Юрист эгер депутаттар өтүнсө ал сотто парламентарийлердин кызыкчылыктарын жактай тургандыгын айтты.

19:34 Райондук соттун имаратына мурунку президент Аскар Аскаевдин жактоочусу Акин Токталиев келди. Ал процесске Ташиевди коргоого алып катышуу каалоосу бар экендигин билдирди.

19:31 Депутат Садыр Жапаровго Кылмыш кодексинин 295-(күч колдонуп бийликти басып алуу) жана 297-(Конституциялык түзүлүштү күч колдонуп өзгөртүү чакырыктарын эл алдында жана ММКларды колдонуп айтуу) беренелери боюнча айып коюлду.

Камчыбек Ташиевге Жапаровдун беренелери боюнча, ошондой эле 28-беренеси (кылмыш кылууга кол салуу) боюнча айып тагылды.

Учурда Талант Мамытовго айып коюулуп жатат, деп жазат 24.kg маалымат агенттиги.

18:52 Философия илимдеринин кандидаты жана саясат таануучу Нурдин Мурсалиев эгер «Ата-Журттун» лидерлери соттолсо массалык митигдер болбойт деп эсептейт.

«Мен бул болбойт деп деле ойлойм, анткени ал жарандык согушка алып келиши мүмкүн [...] нормалдуу адамдардан буга баргандар аз», деди Мурсалиев.

18:29 «Ата-Журттун» басма сөз катчысы Нургазы Анаркулов «Клоопко» берген маегинде парламентарийлерди 20-30 мүнөттөн кийин райондук сотко алып келишээрин билдирди.

18:01 Акыйкатчы Турсунбек Акун мамлекеттик укук коргоочу катары сот отурумуна катышат - анткени иш «резонанстуу».

17:28 Ройсоттун имаратына ички иштер министри Зарылбек Рысалиев келди. Ал милиция кызматкерлерине имаратка эч кимди киргизбөө тапшырмасын берип, кетип калды.

«Ата-Журттун» тарапташтары «Ташиевге эркиндик» деп кыйкырып башташты.

16:58 «Клооптун» кабарчысынын баамында, Биринчи май райондук сотунун имаратынын жанында «Ата-Журт» партиясынын 50дөн ашык тарапкери, 100дөй милиция жана 30дан ашык атайын багыттагы аскер бөлүгүнүн кызматкерлери жүрөт.

Кармалган парламентарийлер азырынча райондук соттун имаратына алынып келине элек

«Элдик Кеңеш» партиясынын лидери Роза Нарматова «Асаба» партиясынын төрагасы Салмоорбек Дыйкановго карата да «ата-журтчулар» күнөөлөнүп жаткан беренелер боюнча кылмыш иши козголгондугун айтты.

Дыйканов учурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында камакта, деди Нарматова.

Авторлор: Александра Ли жана Зарема Султанбекова