ЛГБТ укуктарын коргоочулар «Мен мусулманмын, мен «геймин» тасмасынын тыюу салынышына каршы

Адаттан тыш сексуалдык багыттагы адамдардын укуктары үчүн күрөш жүргүзгөн уюмдар (ЛГБТ - лесбиянка, гей, бисексуал, транссексуал) «Мен мусулманмын, мен «геймин» тасмасынын тыюу салынышына каршы чыкты. Дүйнөдөгү эркиндиктин деңгээлине мониторинг жүргүзгөн «Фридом Хауз» америкалык бейөкмөт уюму да ушундай эле көз карашын билдирди.

«Лабрис» жана «Патфайндер» коомдук бирикмелери, ошондой эле «СКью» Бишкек Феминисттик Демилгеси «Мен мусулманмын, мен «геймин» тасмасынын тыюу салынышына каршы чыккандыктары тууралуу арыздарын таратты.

«Биз «гейлерге», ошол эле маалда мусулмандарга терс мамиле кылууга каршыбыз. Бирок биз гей-мусулмандар менен мусулмандарга бирдей укук берилиши керек деп эсептейбиз», — деп жазылган арызда.

ЛГБТ-активисттери тасманын Кыргызстандын аймагында көрсөтүлүшүнө тыюу салган Биринчи май райондук сотунун чечимин өлкөнүн Конституциясына каршы келген чечим деп эсептешүүдө.

«Сот светтик укуктук базага эмес, диний көз караштардын жобосуна негизделген эксперттик жыйынтыкты колдонмо катары пайдаланды», — деп билдирип жатышат укук коргоочулар.

Алар Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арызын берген «Жарандар коррупцияга каршы» укук коргоочу уюмун колдоп жатышат.

Дүйнөдөгү эркиндиктин деңгээлине мониторинг жүргүзгөн «Фридом Хауз» америкалык бейөкмөт уюму тасманын көрсөтүлүшүнө тыюу салынгандыгын «шектүү» деп эсептейт.

«Кыргызстандын соттук органдары көз карандысыз деп айтылганы менен аталган чечим шек жаратып жатат», — деп жазылган уюмдун билдирүүсүндө.

«Фридом Хауз» өз ой-пикирин айтууга уруксат берген адам укуктары боюнча жалпы декларацияга таянып жатат, бирок ошол эле маалда жарандык жана саясий укуктар боюнча Эл аралык пакт «кээ бир тыюу салууларды» тааный тургандыгын белгилейт.

28-сентябрда Биринчи май райондук соту «Мен мусулманмын, мен «геймин» тасмасын «экстремисттик» деп таап, аны Кыргызстандын аймагында көрсөтүп, таратып жана сактоого тыюу салган.

Бул беш марокколук гей тууралуу документалдуу тасманын «Бир Дүйнө» фестивалынын алкагында көрсөтүлүшүнө бир нече саат калганда болгон.

Автор: Азат Рузиев

Редактор: Зарема Султанбекова