Ош: Борбордук Азия боюнча биринчи жолу энергоүнөмдөөчү мектеп ачылды

Ош шаар күнүнө карата энергоүнөмдөөчү мектептин ачылуу аземи болду. Аны куруу үчүн 5 жарым миллион АКШ доллары жумшалды. Окутуу процесси 15-октябрдан башталат.

Ош шаарынын четиндеги «Ак-Тилек» кичи районунда жайгашкан 850 орундуу № 52 мектеп Борбордук Азия боюнча биринчи энергоүнөөмдөчү экенин Оштун мэри Мелис Мырзакматов мектептин ачылуу аземинде айтты.

Бул окуу жай келечектеги илимпоздорду жана эл керегине жараган эр азаматтарды тарбиялаган билимдин очогу болуп калат деп элди Мырзакматов ишендирип кетти.

«Бул мектеп электроэнергияны үнөмдөөчү алдынкы технологиялар курулулганы менен айрыкча өзгөчөлөнөт. Өнөрлүү жана таланттуу балдарга шарт түзүп берет десек болот»,– деди мэр.

Энергоүнөмдөөчү мектеп БУУ ӨП (ПРООН) жана «Сонбайишаат» түрк фирмасынын тарабынан каржыланды. Курулушка жалпысынан 5,5 миллион АКШ доллары керектелди.

Директор Салтанат Аманованын кабарлагандай, чет өлкөлөрдүн билим берүү стандартына жооп берген ийримдер окутулат. Алардын ичинде сүрөтчүлүк, скульптура, дизайнерлик, чечендик жана бий өнөрлөрү кошумча окутулат.

Окутуу процесси бир жумадан кийин башталат. Окуучулардын билим алуусу акысыз. Алардын көпчүлүгү кичи районго же ага жакын жашагандар.

Мектеп үч кабаттан турат. Анын ичинде географиялык, метерологиялык, футболдук аянтчалар, айланасында чарбак жана күнөскана бар. Мектептин ичи имараттын үстүнө жайгаштырылган күн батареялардын жардамында жылытылат. Ошондой эле пеноплэкс (жылыткыч) менен мектептин сырткы дубалдарына чапташтырылган. Ошондуктан жылытуу үчүн көп энергия талап кылынбайт.

Авторлор: Айжан Турсунбаева, Бегимай Жумабай кызы