Саясий серепчи Марс Сариев 3-октябрдагы митинг маалында «бийликти басып алууга аракет кылган» деп күнөөлөнүп жаткан «Ата-Журт» партиясынын лидерлерин күнөлөө аймактык карама-каршылыкка алып келиши мүмкүн деп эсептейт.
Kloop.kg: Эгер «Ата-Журттун» лидерлерин соттоо чечими чыгарылып калса ал эмнеге алып келиши мүмкүн? Түштүктө митингдер башталбайбы?
Сариев: Кеп ошондо. Эгер биз көздү жумуп мыйзам нормалары менен кете берсек, өлкөнү аймактык кагылышка алып келишибиз мүмкүн. Бул жерде кылдат аракеттениш керек. Мен алар узак мөөнөткө деле соттолушпайт деп ойлойм. Коомчулук тараптан сөгүш болот.
Өз тарапташтарын аймактык принциптер боюнча алып чыгышат. Көрүп жатасыңар Ташиевдин кичи мекени Жалал-Абадда эл көтөрүлүп жатат, а Ошто көтөрүлбөй эле. Баткен — ал жерде деле анча коопту эмес. Анын туугандары, жердештери барп жерде көтөрүлүп жатышат.
Алар мобилизацияланып жатышат, бул клан, ошондуктан жолдорду тосуп атышат. Анын жердештери бар айылдарда Ош-Жалал-Абад унаа жолун жаап атышат, а башка жерлерде тосушпай эле, анткени ал жерлерде жердештери жок.
Бул жерде эки учтуу таяк сыяктуу болуп жатат. Эгер биз бир тарабын тартып, маселени юридикалык жактан эле карасак, анда бизди туруксуздук күтөт. Бир четинен жумшактык кылып койсок тартип менен жарадык баш ийүү жоголуп кетет. Алардын аракетине так квалификацияны табышыбыз керек.
Kloop.kg: Эгер Ташиев, Жапаров жана Мамытовдор соттолсо Кыргызстан оппозициясыз калды деп айтсак болобу?
Сариев: Билесиңерби, бир жагынан мыйзамды сактоо — бул өтө маанилүү, анткени, бул кылмыш кодексинин бийликти басып алууга аракет кылуу беренесине туура келип жатса анда албетте жазалаш керек. Бирок менин пикиримде, эгер бул маселеге юридикалык жактан кылдат карап көрсөк, анда Ташиевди, Жапаровди жана Мамытовду бир берене боюнча айыптоого болбойт.
Алардын ар биринин өз беренелери болуш керек. Бул жерде прокуратура этияттык менен сыпаттоосу керек. Алар куралсыз болушкан да. Ошондуктан муну бийликти басып алуу аркети катары эмес, бейбаштык катары караса болот.
Абалдан коом тарабынан уяткарып, аларды абакка камоосуз эле чыкса болот. Ошондуктан мен бул жерде ири парламенттик дебаттарды уюштуруу керек деп ойлойм. Алар [депутаттар] бийликке кол салуучу катары кылмыштын оор түрлөрүнө туш келишпейт. Алар тараптан кечирим суралышы керек. Мен бул маселе жөнгө салына турган маселе деп ойлойм.
Kloop.kg: «Ата-Журттун» лидерлери ыйгарым укуктарын өткөрүп беришти деп эсептесек болобу?
Сариев: Моралдык көз караштан алсак, алар депутаттык ыйгарым укуктарын таштап кетүүлөрү керек. Бирок биз бир чындыкты эске алышыбыз керек — «Ата-Журт» артында электораты бар ири партиялардын бири.
Калк башка өнүккөн өлкөлөр жашап жаткан европалык-римдик укуктун чегинде жашабай эле. Алар кадимки укуктун шартында жашап жатышат, ошондуктан жолдордо тоскон сыяктуу аракеттерге барып жатышат.
Бир нерсени эске алыш керек, калктын көпчүлүк бөлүгү айыл жеринде жашайт, алар азыркы юридикалык нормаларды билишпейт.
Kloop.kg: Эгер партия лидерлери соттолсо «Ата-Журтту» ким башкарып кете алат деп ойлойсуз?
Сариев: Билесиңерби, азыр айтыш кыйын. Акматбек Келдибеков менен Мыктыбек Абдылдаев күчтүү фигура болуп саналат. Ал жерде партиянын лидери боло ала турган күчтүү адамдар көп.
Автор: Шахида Дүйшеева