Саясат таануучулар: «Кумтөр» — бийликти басып алууну калкалоо болгон

Kloop.kg тарабынан сурамжыланган саясат таануучулар «Кумтөр» кенин улутташтыруу үчүн 3-октябрда өткөн митинг бийликти басып алууга болгон аракеттерди калкалоо болуп саналат деп билдиришти.

Көз карандысыз саясат таануучу Марс Сариев:

Kloop.kg: 3-октябрда Бишкектин Ала-Тоо аянтында эмне болду? Ал окуяларга кандай баа бере аласыз?

Сариев: Митингтин «Кумтөр» кенин улутташтыруу жана ал боюнча келишим түзгөндөрдү жазалап алып келүү талаптары менен болгондугу түшүнүктүү. Бул жерде мурунку президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевдер жөнүндө сөз болуп жатат.

Митингтин Ак үйдү басып алуу чакырыктары менен аякташы - «Кумтөр» маселеси өлкөдөгү кырдаалды курчутуп, бийликти басып алуунун калкалоочу каражаты экендигин көрсөтүп турат. «Кумтөр» оппозициялык маанайдагы саясий элитанын бийликке келүү каражаты.

Карама-каршылыктарды чечүү боюнча «Эгалите» агенттигинин серепчиси Иван Каменко:

Kloop.kg: Сиздин пикириңизде аянтта 3-октябрда эмне болду?

Каменко: Бул уялбастан туруп нааразычылык акциясын революциялык нукка буруп, бийликке кысым көрсөткөн митинг болду.

Бул оппозициянын өкмөткө кысым көрсөтүү аракети, өз күчүн көрсөтүү аракети болду.

Kloop.kg: Интернетте бул окуядан кийин митингдерди өткөрүүгө тыюу салынышы мүмкүн деп айтып жатышат. Сиз кандай ойлойсуз, бул канчалык деңгээлде мүмкүн?

Каменко: Мындай тыюу салууга болбойт, анткени ал кайрадан кайтып келе турган реакция жаратат. Митинг деген эмне, ээнбаштык менен бийликти басып алууга болгон аракеттер кандай болорун аныкташ үчүн жөн гана митингдерди бир нукка алып келишибиз керек.

Негизинен митинг - жарадык көз караштын кайсы бир нерсеге каршы экендигин билдирүүнүн жолу – бул нормалдуу эле, дүйнөнүн бардык жеринде аны колдошот. Бирок митингтер баарынын үрөйүн учура турган башаламандыктарга, өкмөт үйүн басып алууга, жалпы өлкөдөгү кырдаалды курчутууга, талап-тоноочулук сыяктуу көрүнүштөргө алып келбестен мыйзамдын чегинде болушу керек.

Ошондуктан митингке тыюу салышпайт, бирок митингди өткөрүүнүн эрежелери кыйындайт же регламентацияланышы мүмкүн.

Автор: Шахида Дүйшеева