«Ата-Журттун» тарапташтары Бишкек-Ош унаа жолун тосуп, жүздөгөн унаалар токтоп турат

«Ата-Журттун» камалган лидерлерин колдоп митингтин 500дөн ашык катышуучусу Бишкек-Ош унаа жолун тосуп алышты. Тыгында 600дөн ашык унаа токтоп турат. «Ата-Журттун» өкүлдөрү билдиришкендей, митингчилер унаа жолун ачпай тургандыктарын айтышкан.

«Ата-Журт» партиясынын басма сөз катчысы Нургазы Анаркулов митингдин катышуучулары унаа жолун ачпай тургандыктарын билдиришкендигин «Клоопко» айтты.

«Биз элди митингке чыкпоого жана жолдорду тоспоого чакырып жатабыз. Бирок биз адамдарга кайсы бир нерселерди кылбагыла деп буйрук бере албайбыз да», – дейт Анаркулов.

Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясынын басма сөз катчысы Мунарбек Жөргөмов Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтына үч боз үй тигилгендигин «Клоопко» айтты.

Бишкек-Ош унаа жолунда 500дөн ашык киши жүрөт. Жөргөмов жергиликтүү милиция кызматкерлерине шилтеме жасап аталган унаа жолундагы тыгында 600дөй унаа токтоп тургандыгын айтты.

«Ата-Журттун» камалган лидери Камчыбек Ташиевдин жардамчысы учурда унаа жолунда миңдей митингчи жүргөндүгүн жана алар «Ата-Журттун» лидерлерин кое берүүнү талап кылып жаткандыктарын «Клоопко» билдирди.

Ички иштер министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча нөөмөтчү кызматкери башка маалыматтарды берди. Анын айтымында, Бишкек-Ош унаа жолунда 100дөн ашык киши турат, бирок анын натыйжасында пайда болгон тыгында 500гө жакын унаа токтоп турат.

Митингтин катышуучулары «Ата-Журт» партиясынын лидерлерин кое берүүдөн сырткары Ысык-Көл облусунда жайгашкан «Кумтөр» алтын кенин улутташтыруу жана президент менен бирге өкмөттүн отставкага кетишин талап кылып жатышат.

Кечээ, Бишкектин Биринчи май райондук соту «Ата-Журттун» лидерлери Камчыбек Ташиевди, Садыр Жапаровду жана Талант Мамытовдорду эки айга УКМКнын тергөө абагына камоо чечимин чыгарды. Алар борбордук аянтта өткөн митингде «күч менен бийликти алмаштырууга» аракет кылган жана «бийликти кулатууга үндөгөн» деп күнөөлөнүп жатышат.

Оппозиционерлердин жактоочулары соттун чечими боюнча Бишкек шаардык сотуна даттануу ниетинде.

Автор: Аскар Акталов