Камалган лидеринин өтүнүчүнө карабастан «Ата-Журт» митингдерин улантат

Ташиевдин митингдерди токтотуу өтүнүчүнө карабастан бүткүл өлкө боюнча митингдер уланат, деди «Ата-Журт» партиясынын басма сөз катчысы Нургазы Анаркулов. Анын айтымында, митингдерде коюлуп келе жаткан талаптарга өлкө жетекчилигин отставкага кетирүү талабы кошулат.

Оппозициялык «Ата-Журт» партиясынын басма сөз катчысы Нургазы Анаркулов «Клоопко» берген маегинде митингдер өлкө боюнча улана тургандыгын айтты.

«Митингдер өлкөнүн бардык жеринде өтөт. Биз өкмөттүн, президенттин отставкага кетишин, «Кумтөрдүн» улутташтырылышын жана биздин лидерлерди кое берүүлөрүн талап кылабыз», — деди ал.

Анаркулов «Ата-Журт» элдин каалоосун көзөмөлдөй албастыгын, бирок партиянын тарапташтары тарабынан тосулган Бишкек-Ош унаа жолун ачууга аракет кыла тургандыктарын кошумчалады.

«Биз элди митингке чыкпоого жана жолдорду тоспоого чакырып жатабыз. Бирок биз адамдарга кайсы бир нерселерди кылбагыла деп буйрук бере албайбыз да», – дейт басма сөз катчы.

«Ата-Журттун» лидеринин жактоочусу Икрамидин Айткуловдун айтымында, баш коргоо чарасы бекитилгенден кийин Ташиев аны колдоп элдин митингке чыкпашын суранган.

5-октябрда Биринчи май райондук соту «Ата-Журттун» депутаттары Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытовдорду Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына камоо чечимин чыгарган.

Алар бийликти күч колдонуп басып алууга аракет кылышкан деп күнөөлөнүп жатышат — Кыргызстандын кылмыш кодексинде мындай аракеттери үчүн 20 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Автор: Азат Рузиев

Редактор: Александра Ли