4-октябрда Орусиянын Тверь шаарында Кыргызстандан, Тажикстандан жана Өзбекстандан барып, «мыйзамсыз иштеп жүргөн» 300дөй мигрант кармалды. Алар административдик жоопкерчиликке тартылышат.
4-октябрда Тверь полициясы миграциялык кызмат менен биргеликте жаңы курулган көп кабаттуу үйдө «мыйзамсыз иштеп жүргөн» мигранттарды кармоо боюнча операция жүргүзгөн, деп жазылган Орусиянын Ички иштер министрлигинин Тверь облусу боюнча башкармалыгынын сайтында.
Мигранттар 97 батирде үчтөн, тогуздан болуп жашашкан. Алардын арасында жаш балдар да бар болгон.
Сайтта жазылгандай, кармалган 300 мигрант тең Орусия Ички иштер министрлигинин Тверь шаардык башкармалыгынын Заволожск полициялык бөлүмүнө алынып келинген.
Алар миграциялык мыйзамдарды бузгандыктары үчүн административдик жоопкерчиликке тартылат.
Полиция «мыйзамсыз иштеп жүргөн» мигранттарды турак үйгө отурукташтырууга тиешеси бар адамдарды издеп жатат, деп жазылган Тверь облусунун полициясынын сайтында.
Kloop.kg канча кыргызстандык кармалгандыгын тактай алган жок — Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы азырынча бул боюнча кабардар эмес экендигин айтты.
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги комментарий берүүгө жеткиликсиз болуп жатат.
Автор: Алексей Ким
Редактор: Зарема Султанбекова