УКМК жардыруучу зат тууралуу жалган маалымат бергендиги үчүн мектеп окуучусун кармады

Атайын кызматтагылар Бишкек шаарындагы дарыканалардын биринде жардыруучу зат бардыгы тууралуу жалган маалымат билдиргендиги үчүн мектеп окуучусун кармашты. Билим берүү министрлигинин басма сөз катчысы Керез Жукеева бул окуя боюнча эч нерсе билбестигин айтты.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы Бишкек шаарынын дарыканаларынын биринин имаратында «жардыруучу зат» бер деп жалган билдирүү жасагандыгы үчүн эрезеге жете элек мектеп окуучусу кармалгандыгын билдирди.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, №6-мектеп-гимназиясынын окуучусу 4-октябрда УКМКнын нөөмөт кызматына телефон чалып, Абдрахманов көчөсү №109 дареги боюнча жайгашкан дарыкана имаратында жардыруучу зат бар экендигин кабарлаган.

Мекеменин кызматкерлери аталган дарек боюнча барышкан, бирок тинтүүнүн жыйынтыгында жардыруучу зат табылган эмес.

УКМКнын басма сөз катчысы Нурлан Токталиев kloop.kgге берген маегинде мекеменин тергөө башкармалыгы иштин материалдарын иликтеп жаткандыгын жана кылмыш ишин козгоо үчүн окуяга укуктук баа бере тургандыгын айтты.

Кыргызстандын кылмыш кодексинде терроризм тууралуу жалган билдирүү жасагандыгы үчүн айып төлөө, түзөтүү жумуштары же үч жылга чейин эркинен ажыратуу жазалары каралган.

Билим берүү министрлигинин басма сөз катчысы Керез Жукеева kloop.kgге берген маегинде бул окуя боюнча эч нерсе билбестигин айтты.

Ал министрлик тарабынан мектеп окуучуларынын арасында ар дайым түшүндүрүү иштерин жүргүзүлүп турарын кошумчалады.

«Педагогикалык жамааттардын, ата-энелердин жана эрезеге жете элек балдардын арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп турат. Бул системада Билим берүү министрлиги гана эмес балдар маселеси менен алектенген Эл аралык уюмдар, бейөкмөт уюмдар да ишбилги болуулары керек», – деди Жукеева.

Жардыруучу зат бар делинген дарыкана комментарий алууга жеткиликсиз болуп жатат.

УКМКнын маалыматы боюнча, 2011-жылдан бери терроризм тууралуу «жалган» билдирүүлөр боюнча алты факт катталган.

Авторлор: Алексей Ким жана Азат Рузиев

Редактор: Александра Ли