Жалал-Абаддагы митингтин 8 катышуучусу ачкачылык жарыялады [16:08де жаңыланды]

Жалал-Абад обладминистрациясынын имаратынын алдындагы митинг аяктады. Администрациянын басма сөз катчысынын айтымында, митингке 4 миңдей киши катышкан.

16:08 Казакбаев «Ата-Журттун» басма сөз катчысынын Жалал-Абаддагы митингке партиянын эч тиешеси жок деген билдирүүсүн четке какты.

«Бул басма сөз катчынын пикири болушу мүмкүн, бирок лидерлери УКМКнын тергөө абагында камакта жатса “Ата-Журт” кантип четте карап турмак эле», – деди Ташиевдин жардамчысы.

16:00 Депутат Камчыбек Ташиевдин жардамчысы Тагайбек Казакбаев Kloop.kgге берген маегинде партия менен митингтин катышуучуларынын өкүлдөрү Бишкекте экендигин жана президенттин жеке кабыл алуусун күтүп жаткандыктарын айтты.

Анын айтымында, Жалал-Абаддагы митингке катышып жаткан 8 аял ачкачылык жарыялаган.

Казакбеков кошумчалагандай, митингке Жалал-Абад облусунун жашоочулары гана эмес, өлкөнүн башка аймактарынан да партия тарапташтары келип катышышкан. Ал аймактардан келген тарапташтар үйлөрүнө кетип, ошол жерден митингдерди өткөрүшөт деди.

15:35 Жалал-Абад шаарындагы митинг аяктады, деп билдирди обладминистрациянын басма сөз катчысы Мунарбек Жөргөмов Kloop.kgге берген маегинде.

Митингтин катышуучулары Камчыбек Ташиевди тез аранын ичинде кое берүү боюнча өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевге өтүнүч катын жазып, таркап кетишти, – деди Жөргөмов.

Ал кошумчалагандай, митингке 4 миңдей киши катышкан.

14:50 Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Жаныбек Арыков Kloop.kgге берген маегинде обладминистрация имаратынын алдындагы митингке бир жарым миңдей киши катышып жаткандыгын айтты.

Тартипке 600дөй милиция кызматкер көз салып жатат, деди Арыков.

Ал кошумчалагандай, азырынча эч ким Бишкекке барууга камынбай эле.

14:42 Жалал-Абад обладминистрациясынын башчысынын орун басары Кадырбек Жакыпов Kloop.kgге берген маегинде митингтин катышуучуларынын бир бөлүгү Бишкекке чейин жөө жүрүш жасагылары келип жаткандыгын, бирок азырынча бардыгы тең аянтта эле тургандыктарын айтты.

14:14 Жалал-Абад обладминистрациясынын басма сөз катчысы Мунарбек Жөргөмов Kloop.kgге берген маегинде учурда митингке үч миңдей киши катышып жаткандыгын билдирди.

ИИМдин кызматкери Таалайбек Сусунбаев «Клоопко» берген маегинде обладминистрация имаратынын алдында эки миңден ашык киши чогулуп тургандыгын айтты.

«Азырынча митингчилер тарабынан эч кандай мыйзам бузуулар каттала элек. Митинг тынч өтүп жатат», – деди ИИМ кызматкери.

Сусунбаевдин айтымында, нааразычылык акциясындагы тартипке ички иштер министрлигинин облустук бөлүмүнүн кызматкерлери көзөмөл жүргүзүп жатышат.

Жалал-Абад обладминистрациясынын башчысынын орун басары Кадырбек Жакыповдун айтымында, митингтин катышуучулары «Ата-Журттун» камалган лидерлеринин баш коргоо чарасын камактан башкасына өзгөртүүнү талап кылышууда.

Ал билдиргендей, акциянын катышуучулары микрофон орнотуп, учурда өз талаптарын айтып жатышат.

«Ата-Журттун» басма сөз катчысы Нургазы Анаркулов «Клоопко» берген маегинде митинг болуп жатат, бирок аны уюштурууга партиянын тиешеси жок деди.

«Бул партиянын эмес, элдин демилгеси», – деп билдирди Анаркулов.

5-октябрда Биринчи май райондук соту «Ата-Журттун» депутаттары Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытовдорду эки айга Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына камоо чечимин чыгарган.

Алар бийликти күч колдонуп басып алууга аракет кылышкан деп күнөөлөнүп жатышат — Кыргызстандын кылмыш кодексинде мындай аракеттери үчүн 20 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Автор: Александра Ли