Дербишева тергөө абагынан үй камагына чыгарылды

Бүгүн, 9-октябрда Социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Социалдык камсыз кылуу департаментинин директору Гүлнара Дербишева УКМКнын тергөө абагынан үй камагына чыгарылды.

Бишкек шаардык соту Дербишеваны тергөө абагынан үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алды.
Чиновниктин жактоочусу Искендер Журабаев Kloop.kgге берген маегинде сот мындай чечим чыгарууда Дербишеванын алты баласы, майып жолдошу бар экендигин эске алган.

«Ал алты баланын апасы, анын жолдошу – экинчи топтогу майып – күн сайын багууга муктаж», – деди жактоочу.

Алгач, күбөлөрдүн көрсөтмө берүүсүнө таасирин тийгизип, тергөөгө тоскоолдук кылышы мүмкүн деген жүйөөлөр менен Дербишеваны камоо чечими кабыл алынган. Бирок азыр бул иш боюнча тергөө аяктап калды жана мындай баш коргоо чаранын зарылдыгы деле жок, деп кошумчалады Журабаев.

Дербишева Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында бир айдан ашык убакыт жатты.

Дербишеваны Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы 31-августта 7 миң доллар пара менен кармаган.

Башкы прокуратура ага карата «пара талап кылуу», «пара алуу» жана «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Буга чейин чиновниктин жактоочусу Искендер Жоробаев «Клоопко» берген маегинде Дербишеваны кармоодо «жыңылыштык» болуп калгандыгын жана ал пара талап кылбагандыгын айткан.

«Пара алгандыгы боюнча бир дагы факты далилденген эмес», — дейт жактоочу.

Дербишева пара алып жаткан жеринен эмес, өз каражатына он миң АКШ долларына бааланган медициналык аппараттарды сатып алуу маалында кармалган, деди жактоочу.

Колго түшүрүү маалында ал сатуучуларга акчанын бир бөлүгүн — 7 миң долларын берип жаткан, деди Журабаев.

Гүлнара Дербишева Курманбек Бакиев президент болуп турганда парламент депутаты болгон. Бакиев качып кеткен соң 2011-2012-жылдары Социалдык өнүктүрүү министринин орун басары кызматын ээлеп келген.

Автор: Алексей Ким

Редактор: Александра Ли