Каза болгон чек арачынын өз өмүрүнө кол салуусуна тиешеси бар деп бирге кызмат өтөгөн аскер шектелип жатат

8-октябрда Аскер прокуратурасы чек арачынын курал пайдаланып өз жанын өзү кыйган фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Өлкөнүн башкы прокуратурасы тарабынан күзөттөгү улук аскер кызматкери каза болгон чек арачыга курал-жаракты «мыйзамсыз» берген деп шектелип жатат.

Тергөөнүн версиясы боюнча, күзөт боюнча улук кызматкер каза болгон Чынгыз Нурланбек уулуна курал-жаракты «мыйзамсыз» берген. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн шектелип жаткан адамдын аты-жөнү айтылбай эле.

Тергөө бөлүмүнүн жетекчиси Асылбек Малаев Kloop.kgге берген маегинде каза болгон аскер 5-октябрда Чүй облусунун Новопокровка айылындагы 2026 аскер бөлүгүндө өз өмүрүнө кол салган, деп билдирди.

Анын айтымында, Нурланбек уулу болжол менен кечки саат төрттөр чамасында «Ак-Жол» чек ара өтмөгүнөн алыс эмес жерде нөөмөттө турган жеринен Калашникова үлгүсүндөгү автоматтан өзүнө ок чыгарган.

Ошондой эле каза болгон аскердин денесинде көптөгөн зыянга учураган жерлери табылган, деп кошумчалады Малаев.

Бул акыркы жылдардагы кыргыз чек ара бөлүктөрүндөгү чек арачылардын өз өмүрлөрүн өзүлөрү кыйган биринчи окуя эмес.

Июндун аягында Оштогу аскер бөлүгүнүн нөөмөтчүсү асынып өлгөн чек арачынын денесин тапкан.

Тергөө 18 жаштагы аскер өз өмүрүнө кол салгандын мурунку күнү «бирге кызмат өтөгөн аскер тарабынан мазактоого жана күч колдонулган зомбулукка кабылгандыгын» аныктады, деп билдирген Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы.

«Бир аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн мурунку чакырылыштагы «Ш.Д.», «Р.Т.», «М.Б.» жана «Э.А.» аттуу аскер кызматкерлери системалуу түрдө жаңы келгендерге карата күч колдонуп, алардын абийирине жана абройуна шек келтирип, кемсинтип келишкен», — деп жазылган Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө.

Аталган төрт аскер кызматкерине «өз өмүрүнө кол салууга чейин жеткирүү» жана «уставдык эрежелерди бузуу» боюнча күнөө тагылган.

Тергөө аяктаганга чейин төртөө тең камакта болушат.

Авторлор: Айзирек Алмазбекова жана Дарина Манасбекова

Редактор: Александра Ли