Кыргызстан Бажы биримдигине кирүү ниетинде [+ видео]

Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев орусиялык кесиптеши Сергей Лавров менен болгон жолугушуусунда Кыргызстан бажы салыктары колдонулбаган Бажы биримдигине кошулуу чечимин кабыл алды деп билдирди.

Кыргызстан Бажы биримдигине кирүү ниетинде, ал үчүн бул маселени чечип жаткан жумушчу топтор түзүлгөн, деп билдирди Абдылдаев өзүнүн Орусиядагы иш сапарынын алкагында Лавров менен болгон жолугушуусунда.

«Биз бул жерде Бажы биримдигинин да, Кыргызстандын да кызыкчылыгы эске алына турган биргелешкен аркеттерди иштеп чыгып атабыз. Бул процесс ийгиликтүү аяктап биз Бажы биримдигинин толук кандуу мүчөсү болобуз деп ойлойм», — деди Абдылдаев.

Орус тарап Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү ниетин колдойт — бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путиндин 2012-жылдын сентябрындагы иш сапары маалында сөз болгон.

«Биз бул процессти активдүү колдоп, ага саясий колдоо көрсөтүп жатабыз», — деп билдирди Лавров.

Кыргызстандын Бажы биримдигинин алканда болуп жаткан процесстерге азыр деле толугу менен аралашуусуна жол ачык, деди Орусиянын тышкы иштер министри.

Азыр Евразия экономикалык уюмунун алкагындагы Бажы биримдигинин курамында Орусия, Казакстан жана Белоруссия бар — бул өлкөлөр бирдиктүү бажы аймагын түзүшкөн, анын алкагында бажы салыктары менен экономикалык чектөөлөр колдонулбайт.

Экономисттер эгер Кыргызстан бажы биримдигине кошулса өлкөдө баалар «кескин» өсөт деп болжолдоп жатышат.

Эрлан Абдылдаевдин Сергей Лавров менен болгон жолугушуусу

http://www.youtube.com/watch?v=SyyeEV2_dfM

Автор: Зарема Султанбекова