Жабыр тарткан тарап келбегендиктен бажы кызматкерин өлтүрүүгө күнөөлөнүп жаткан атайын кызматтагылардын соту жылдырылды

Аскер соту бажы кызматкери Ферусхан Физиевди өлтүргөн деп күнөөлөнүп жаткан УКМКнын кызматкерлеринин үстүнөн болуп жаткан соттук угууну жылдырды — атайын кызматтагылардын жактоочусу жабыр тартан тарап соттун жыйынына катышсын деген даттануу арызын берди.

Соттун жыйыны жабыр тарткан тарап келбей калгандыктан жылдырылды — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жактоочусу Таалайбек Курманалиев жабыр тарткан тараптын жыйынга катышуусун талап кылып, судьяга даттануу арызын берди.

Бул иш боюнча жабыр тарткан тарап катары бажы кызматкеринин эжеси Резазада Банюша өтүп жаткан - бирок ал уурда Тажикстанда болгондуктан келген эмес.

«Соттун жыйыны кийин сот ишти анын катышуусуз эле карап, кайсы бир чечимдер [ал жок эле] кабыл алынып жатат деп айтылбасы үчүн жылдырылды», — деп түшүндүрдү УКМК кызматкерлеринин жактоочусу.

Физиевдин туугандарынын жактоочусу Динара Медетова Курманалиевдин даттануусун колдоп, Kloop.kgге берген маегинде жабыр тарткан тараптан өкүл катары бажы кызматкеринин башка эжеси - Энигүл Касымова чыга тургандыгын кошумчалады.

УКМКнын кызматкерлеринин үстүнөт соттук териштирүүлөр бир жылдан бери уланып келе жатат — 2011-жылдын июль айынын аягында УКМКнын кызматкерлери бажы кызматкери Ферусхан Физиевди мыйзамсыз курал-жарак сактайт деп күнөөлөп колго түшүрүшкөн.

Физиев, болжолдуу түрдө УКМКнын кызматкерлери тарабынан кыйноого алынып, денесинин зыянга учурашынан улам каза болгон - ушундан кийин бул окуя укук коргоочулардын көңүлүн бурган. Анда укук коргоочу «Кылым Шамы» борборунун жетекчиси Азиза Абдирасулова УКМКны «кыйноого алган» деп күнөөлөгөн.

«Физиев УКМКнын 16дан ашык кызматкери тарабынан ырайымсыз кыйноого алынган», — деп билдирген укук коргоочу.

Тескерисинче, УКМК менен күнөөлөнүп жаткандардын жактоочулары Физиев кыйноого алуунун натыйжасында каза болгон деген версияны четке кагып жатышат — атайын кызматтагылардын версиясы боюнча, бажы кызматкери мыйзамсыз курал-жарак сактоого шектелип жаткан жана УКМК кызматкерлеринен качып кетүү аракетин көрүп экинчи кабаттан секиргенде каза болгон.

Автор: Алексей Ким