Жалал-Абадда «Ата-Журттун» лидерлеринин кое берилишин талап кылып ачкачылык жарыялап жаткандардын экөө ооруканага жаткырылды. Обладминистрациянын басма сөз катчысынын маалыматы боюнча, ачкачылык жарыялагандардын саны 27ге жетти.
Жалал-Абад обладминистрациясынын басма сөз катчысы Мунарбек Жөргөмов Kloop.kgге берген маегинде «Ата-Журттун» лидерлерин колдогон ачкачылык акциясынын эки катышуучусу облустук ооруканага жаткырылгандыгын билдирди.
«Кечээ кечинде ачкачылык жарыялагандардын бирөө бөйрөгүнө даттанып ооруканага кайрылган. Экинчиси болсо бүгүн эртең менен ооруканага кайрылды, менимче неврология бөлүмүнө жаткырылган болушу керек. Жалпысынан азыр шаарда 27 киши ачкачылык жарыялап жатат», — деди Жөргөмов.
Азырынча ооруканага жаткырылгандардын абалы белгисиз. Жалал-Абад облустук ооруканасы комментарий берүүгө жеткиликсиз болууда.
Партия лидери Камчыбек Ташиевдин жардамчысы Тагайбек Казакбаев Kloop.kgге берген маегинде ачкачылык жарыялап жаткандардын жанында дарыгерлер бар экендигин жана алар акция катышуучуларынын абалына көзөмөл жүргүзүп тура тургандыктарын айтты. Ал кошумчалагандай, ачкачылык акциялары Ош, Майлы-Суу, Кара-Көл жана Өзгөн шаарларында да өтүп жатат.
«Ата-Журттун» тарапташтарынын митинги 4-октябрда Жалал-Абад шаарында башталган. Митингтин катышуучулары партиянын кармалган депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдорду кое берүүнү талап кылышууда.
Кечээ, 8-октябрда митинчилердин 8и ачкачылык жарыялашкан.
«Ата-Журттун» лидерлери 3-октябрда «Кумтөр» алтын кенин улутташтыруу талабы менен Бишкектин борбордук аянтында өткөн митингтен кийин кармалышкан.
3-октябрда Ала-Тоо аянтында өткөн митингтин хроникасы
Аянттагы митингтен фоторепортаж
Алар күч колдонуп бийликти басып алууга аракет кылышкан деп күнөөлөнүп жатышат — Кыргызстандын кылмыш кодексине ылайык, мындай кылмыш кылгандар 20 жылга чейин эркинен ажыратылат.
Биринчи май райондук сотунун «Ата-Журт» партиясынын лидерлерин эки айга УКМКнын тергөө абагына камоо чечимине каршы Жалал-Абад облусунда митингтер болду, анын жүрүшүндө катышуучулар бир нече жолу Бишкек-Ош унаа жолун тосушкан.
Кандай болгон: "Ата-Журттун" лидерлеринин баш коргоо чарасын кароо
Автор: Азат Рузиев
Редактор: Александра Ли