«Ата-Журттун» тарапташтарынын митинги аяктады [17:23тө жаңыланды]

 

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев митингчилердин делегациясын кабыл албайт. Нааразычылык акциясынын катышуучулары тарап жатышат. Ак үйдүн алдында 20дай киши калды.

17:23 Президент митингчилердин делегациясын кабыл албайт.

«Клооптун» кабарчысы билдиргендей, «Ата-Журттун» тарапташтары Ай үйдүн тосмосунан плакаттарды чечип, кетүүгө камынып жатышат.

Кожоналиевдин кызы парламент имаратынын жанында түнү бою калуу ниетинде.

15:07 Делегаттар парламент имаратынан чыгышты. Митингчилердин айтымдарында, аларды «ата-журтчу» Мыктыбек Абдылдаев кабыл алган, учурда ал акция катышуучуларын президентке кое берүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнү кетти.

14:34 Митингдеги сүрөттөр

14:16 Шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Айгүл Давлетбаев Kloop.kgге берген маегинде азырынча эч кандай кагылыш, жаңжал катталбагандыгын айтты.

14:08 Делегаттар алгач «ата-журтчу» депутаттар менен, андан кийин эгер президент кабыл алса Атамбаев менен да жолугушат.

14:05 Ташиевдин жактоочусу эгер делегаттардын сүйлөшүүсүнөн кийин депутатты кое беришпесе апта соңунда, же кийинки аптанын башында «чоң» митинг болоорун билдирди.

13:38 Демонстранттар митингде жүргөн журналисттерге кыйкыра башташты.

13:36 Делегаттар президенттин коомдук кабыл алуу бөлмөсүнө кирди.

13:35 Он чакты митингчиге Ак үйдүн имаратына кирүүгө уруксат беришти. Ташиев менен Жапаровдун апалары аларды да тергөө абагында жаткан балдарынын жанына камоону суранып жатышат.

13:26 Митингтин катышуучулары Ак үйдүн чыгыш тарабын көздөй жөнөштү.

13:25 Митинг катышуучулары менен милиция ортосунда жаакташуу башталды – митингчилер Ак үйдүн батыш тарабындагы дарбазадан кирүүгө аракет кылышууда. Милиция кызматкерлери тыгыз катарга туруп, аларды киргизбей жатышат.

13:10 Кожоналиевдин кызы дарыгерлердин жардамы менен дарыдан баш тартып, ыйлап атат.

13:07 Президенттин басма сөз катчысы Кадыр Токтогулов Kloop.kgге берген маегинде митинг катышуучуларынын айыптоолору негизсиз деди.

Кожоналиевдин кызына тез жардам кызматы келди. Дарыгерлер Азатованын унаага баруусун өтүнүп, көндүрүүгө аракет кылып жатышат.

12:59 Демонстранттар Ак үйдүн тосмосуна жаңы плакаттарды илишти.

Аларда «Коррупционер Атамбаев менен Жантөрө Сатыбалдиевдер – интриганттар», «Кумтөрдү элге», «Атамбаев Акаев менен Бакиев баштаган алдамчылыкты улантып жатат», «Урматтуу президент Атамбаев, Жантөрө Сатыбалдиев менен бирге силер 4 тонна алтын алып чыгып кеткенсиңер», деп жазылган.

12:52 Камалган генерал-майор Кубат Кожоналиевдин кызы Дания Азатова оозун скотч менен бекитип, ачкачылык жарыялады.

«Ал [атам] – оорулуу, диета кармашы керек болчу, а ал болсо тергөө абагында жатат», – деди Азатова.

Кожоналиев УКМКнын тергөө абагына 6-октябрда камалган. Аны «Ата-Журттун» лидерлериндей эле «Кумтөр» алтын кенин улутташтыруу маселеси боюнча өткөн митингде бийликти «күч колдлонуп» басып алууга аракет кылган деп күнөөлөп жатышат.

Митингтин катышуучулары «Ташиевге эркиндик», «Жапаровго эркиндик», «Кожоналиевге эркиндик», «Мамытовго эркиндик» деп кыйкырып жатышат.

12:12, Жалал-Абад: Жалал-Абад обладминистрациясынын басма сөз катчысы Мунарбек Жөргөмов Kloop.kgге берген маегинде обладминистрация имаратынын алдындагы ачкачылык акциясына 29 киши катышып жаткандыгын билдирди.

«Буга чейин ооруканага төрт киши кайрылган, бирок алардын бирөө ачкачылык жарыялоо үчүн кайра кайтып келди», – деди басма сөз катчы.

Жалал-Абаддагы митинг катышуучуларынын ачкачылык акциясы 8-октябрда башталган.

11:33 Митингчилер аянтка дагы кишилер келип кошула тургандыктарын айтышты. Митингтин катышуучуларынын саны көбөйөрү менен алар ачкачылык жарыялоону пландап жатышат.

Демонстранттардын айтымдарында, алар «Ата-Журттун» лидерлерин кое бергенге чейин митингдерди өткөрө беришет.

11:22 Митингтин катышуучулары президент менен жолугушууну талап кылып жатышат. Аларга «Республика» фракциясынын бир депутаты чыгып, аларды тынчтандырууга аракет кылып жатат.

11:20 Митингчилердин плакаттарында «Ата-Журттун» лидерлерине эркиндик» жана«Атамбаев – мыйзамсыз президент» деп жазылган.

11:08 Kloop.kgнин кабарчысынын баамында, аянтта 40тан ашык киши чогулган.

10:59 «Ата-Журттун» басма сөз катчысы Нургазы Анаркулов Kloop.kgге берген маегинде митингдерге партиянын эч кандай тиешеси жок, деп билдирди.

10:41 «Ата-Журттун» тарапташтарынын митинги 4-октябрда, депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдор кармалгандан кийин башталган.

«Ата-Журттун» лидерлери 3-октябрда «Кумтөр» алтын кенин улутташтыруу талабы менен Бишкектин борбордук аянтында өткөн митингтен кийин кармалышкан.

3-октябрда Ала-Тоо аянтында өткөн митингтин хроникасы

Аянттагы митингтен фоторепортаж

Алар күч колдонуп бийликти басып алууга аракет кылышкан деп күнөөлөнүүдө — Кыргызстандын кылмыш кодексинде мындай кылмыштар үчүн 20 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

5-майда Биринчи май райондук соту депутаттарды Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына эки айга камоо чечимин чыгарган.

Кандай болгон: “Ата-Журттун” лидерлеринин баш коргоо чарасын кароо

Авторлор: Александра Ли, Оля Гейн жана Зарема Султанбекова