«Легенда кубогунун» жеңүүчүсү болгон «Алай» командасына УЕФАнын президенти сыйлык тапшырды

«Легенда кубогунун» алгачкы оюнунда Оштун «Алай» командасы Бишкектин «Алга»командасын 7:5 эсебинде утту. Жеңүүчүлөргө кубокту Европа футбол ассоциациялар бирикмесинин (УЕФА) президенти жана даңазалуу футболчу Мишель Платини тапшырды.

Бишкектин «Алга» менен Оштун «Алай» футбол командаларынын ортосундагы «Легенда кубогунун» алгачкы оюну Данияр Өмүрзаков атындагы стадиондо болду.

Оюндун алтынчы мүнөтүндө эле Оштон келген коноктор эсепти ачты. Айбек Бокоевдин айып аянтчасынан көтөрүп берген тобун Вениамин Шумейко голго айландырды.

Оюндун 10 мүнөтүндө «Алганын» оюн эсебин теңөөгө мүмкүнчүлүгү болгон, бирок “алайлыктардын” коргоочусу Шерзод Шакиров чабуулчу Руслан Жамшидовдун чабуулун токтотуп койду.

Акыры беш мүнөттөн кийин Павел Сидоренконун соккусунан кийин бишкектиктер оюн эсебин теңөөгө жетишти.

Оюндун биринчи жарым бөлүгү 1:1 эсеби менен аяктады.

Эки тараптын бир нече жолку чабуулунан кийин, оюндун 41-мүнөтүндө бишкектиктер алдыга чыкты. Павел Сидоренко башы менен сүзүп, «Алайдын» дарбазасына гол киргизди. Эсеп «Алганын» пайдасына 2:1 болду.

Бирок, эки мүнөттөн кийин оштуктар оюн эсебин теңөөгө жетишишти.

Оюндун негизги бөлүгү тең чыгуу менен аяктагандан кийин оюн калысы он бир кадамдык белгиледи.

Оюндан кийинки он бир кадамдыкта «Алай» күчтүүлүк кылды. «Алганын» оюнчусу Владимир Веревкин өз соккусун так аткара албай анын командасы жеңилип калды.

Кыргызстанда расмий иш сапары менен жүргөн Европа футбол ассоциациялар бирикмесинин башчысы Мишель Платини алгачкы «Легенда кубогун» оюндун жеңүүчүсү «Алай» командасына тапшырды.

Кыргызстандын футбол федерациясынан Kloop.kgге билдиришкендей, «Легенда кубогун» жыл сайын өткөрүү пландалып жатат. Оюндардын форматы өзгөрүлүшү мүмкүн деп кошумчалады федерация өкүлү, бирок кандай өзгөрүүлөр болорун тактап айткан жок.

Автор: Гүлдана Адылова

Редактор: Угугбек Акишев

Сүрөттүн автору: Гүлжан Турдубаева