Москвада Кыргызстан менен Тажикстандан барган 15 мигрант кармалды

Орусиянын борборунда миграциялык мыйзамдарды бузгандыктары үчүн Борбордук Азия өлкөлөрүнөн барган мигранттар кармалды. Кармалгандардын 8и Орусия аймагынан чыгарылды, деп билдиришти полиция бөлүмүнөн.

Мигранттар полиция менен Федералдык миграция кызматынын кызматкерлеринин биргелешкен рейди учурунда Москванын Түштүк-Чыгыш административдик аймагында кармалган.

Алгач полиция Иловайск көчөсүндө жайгашкан конфет чыгаруучу фабрикадан беш тажикстандыкты кармаган. Алардын үчөөнө эки миңден беш миң рубль өлчөмүндөгү айып төлөтүлүп, бардыгы өлкө аймагынан чыгарылган.

Дагы бир башка рейддин жүрүшүндө полиция кызматкерлери тарабынан Цимлянск көчөсүндө жайгашкан кампалардан 10 киши кармалган. Кармалгандардын арасында Кыргызстан менен Тажикстандын жарандары да болгон.

Үч мигрант Орусиянын аймагынан чыгарылып, калганы административдик жоопкерчиликке тартылды.

Москванын Түштүк-чыгыш административдик аймагынын полициясынын басма сөз кызматы мигранттардын бардыгы Орусиянын эмгек жана миграциялык мыйзамдарын бузгандыктары үчүн кармалышкандыгын белгилешти.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги бул маалыматты тактап, кийинчерээк кабар берүүнү убадалады.

Буга чейин ушундай эле себептер менен Орусиянын Тверь облусунда Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандан барган 300 мигрант кармалгандыгы айтылган.

Автор: Аскар Акталов

Сүрөттүн автору: Елена Скочило