Прокурор келбей калгандыктан Сабировдун иши боюнча сот жылдырылды

Биринчи май райондук соту мамлекеттик айыптоочу келбегендиктен мурунку социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабировдун ишин кароону 17-октябрга жылдырды – прокурор «приступ» болгон. Күнөөлөнүп жаткан чиновниктин жактоочусу прокурор атайын эле келбей койду деп айтууда.

Судья Кымбат Архарова сот жыйынын 17-октябрга жылдырды.

Сабировдун жактоочусу Икрамидин Айткулов прокурор сот жыйынына атайын эле келбей койду деп эсептейт.

«Эч кандай приступ болгон эмес. Менин пикиримде, алар иштин катышуучуларына таасир этүүгө мүмкүндүк алуу үчүн жөн гана тайм-аут алышты», – деп билдирди Айткулов.

Жактоочу Kloop.kgге берген маегинде анын баамы боюнча соттук процесс жакында аякташы керектигин билдирди.

«Мен соттук процесс эки жыйын менен эле бүтөт деп ойлойм», – деди Айткулов.

Соттун буга чейинки жыйынында экс-министр Сабировдун күнөөлөнүп жаткан мурунку жардамчысы Тахир Мирзаметов өз көрсөтмөсүн өзгөрткөн – эми ал жетекчисинин эч кандай күнөөсү жоктугун айтып жатат.

Башкы прокуратура Сабировго карата кылмыш ишин 2012-жылдын июлунда, анын жардамчысы Мирзаметовдун көрсөтмөсүнө таянып козгогон — анда Мирзаметов параны жетекчиси үчүн талап кылгандыгын айткан. Атайын кызматтагылар экс-министр Сабировду 5-июлда кармашкан.

Чиновник айыптоолордун бардыгын четке кагып жатат.

«Мен айыптоолордун бир дагы пункту менен макул эмесмин, эч нерсеге күнөөм жок. Эч кимден пара алып же талап кылган эмесмин», – деген Сабиров анын иши боюнча өткөн сот жыйынынын биринен кийин.

Автор: Алексей Ким

Редактор: Александра Ли