Түлеев тергөө абагына дагы бир айга калтырылды

Биринчи май райондук соту депутат жана Бишкек шаарынын мурунку мэри Нариман Түлеевди УКМКнын тергөө абагында 15-ноябрга чейин калтыруу чечимин чыгарды — Түлеев «коррупцияга» күнөөлөнүп жатат.

Биринчи май райондук сотунун судьясы Алмаз Малдыбаев Түлеевдин баш коргоо чарасын дагы бир айга — 2012-жылдын ноябрь айынын ортосуна чейин узартты, деди Kloop.kgге берген маегинде күнөөлөнүп жаткан депутаттын жактоочусу Султан Баратов. Бишкек шаарынын мурунку башчысы тергөө абагында эки айдан ашык убакыттан бери жатат.

Түлеевдин жактоочулары бул чечим боюнча беш күндүн аралыгында соттун жогорку инстанциясына даттануу ниетинде.

«Биз кылмыш иши мыйзамсыз козголуп, тергөө башталганда эле туура эмес башталган деп эсептейбиз. Ошондуктан ал мыйзам бузуулар уланып жатат», — деди Баратов.

Биринчи май райондук соту 2012-жылдын августунда Түлеевди 15-октябрга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына калтыруу чечимин чыгарган.

Түлеевдин жактоочусу Бишкек шаардык сотунда Биринчи май райондук сотунун бул чечимин жокко чыгарта алган эмес.

Мурунку шаар башчысы биринчи иши боюнча 2008-2010-жылдары Бишкек шаарынын мэри болуп турганда коррупциялык иштерге аралашкан деп күнөөлөнүп жатат. Башкы прокуратуранын версиясы боюнча, ал 200 кытай автобусун жогорулатылган баада сатып алган.

Экинчи иш боюнча Башкы прокуратура Түлеев 2008-жылы «Тазалык» муниципалдык ишканасына таштанды ташый турган унааларды алып келүүдө мыйзам «бузгандыгын», ошондой эле Шопоков көчөсүндө жайгашкан мурунку бала бакчанын имаратын «мыйзамсыз» саткандыгын аныктаган.

Депутаттын өзү айыптоолордун бардыгын четке кагып жатат. Түлеевдин жактоочулары ага карата козголгон кылмыш ишин «саясий буйрутма» деп эсептешүүдө.

Автор: Алексей Ким

Редактор: Александра Ли