Улуттук паспортторду даярдоону мамлекет толугу менен өз көзөмөлүнө алат

Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасы 7 күндүн аралыгында ID-карттарды – кыргызстандык ички паспортторду даярдоо иштерин баштайт. Бирок чет элдик паспортторду 2013-жылдын жаз айларына чейин «Интел-Линкс» жеке компаниясы жасайт.

Өкмөттүн 9-октябрда чыккан токтому менен «Инфоком» өздүктөштүрүп, кыргызстандык ID-карттарды даярдоо укугун алды. Бул иштер менен түздөн-түз «Инфокомдун» алдындагы мамлекеттик өздүктөштүрүү борбору алектенет.

Өздүктөштүрүү – жарандын жеке маалыматтарын паспорт бланкаларына же карточкаларга жазып толтуруу: ал жерге аты-жөнү, фамилиясы, туулгандыгы, жашаган жери жана үй-бүлөлүк абалы тууралуу маалыматтар жазылат.

Өкмөттүн басма сөз кызматы «Инфокомго» шилтеме жасап, өздүктөштүрүү борбору ишин 7 күндүн аралыгында баштай тургандыгын билдирди. Учурда борбордо техникалык иштер аяктап калды: электр менен камсыз кылуу, видео байкоо жана өрт өчүрүү системалары орнотулуп жатат.

Борбордо ID-карттарды өздүктөштүрүү үчүн программалык камсыздандыруулар орнотулган. «Инфокомду» бланкалар, паспорт даярдоо үчүн пластикалык каточкалар жана башка керек болгон материалдар менен британиялык «Де Ля Ру» компаниясы камсыз кылып турат.

Буга чейин өздүктөштүрүү жана кыргызстандыктардын ID-карттарын даярдоо иши менен Мамлекеттик каттоо кызматы менен түзүлгөн келишимдин негизинде жеке «Интел-Линкс» ЖЧКсы алектенип келген. Ал макулдашуунун мөөнөтү 1-октябрда аяктады.

Бирок «Интел-Линкс» 2013-жылдын жаз айларына чейин кыргызстандыктардын чет элдик паспортторун даярдап берип турат. Андан кийин өздүктөштүрүү жана чет элдик паспортторду даярдоо иштерин «Инфокомдун» алдындагы мамлекеттик борбор аткарат.

«Ушуну менен биздин «Интел-Линкс» ЖЧКсы менен болгон мамилебиз токтоду, биз өзүбүздүн өздүктөштүрүү борборубузду ишке киргиздик. Эми жарандарга паспортторду берүү ишин мамлекет өз колуна алды», – деп билдирди «Инфокомдун» PR-адиси Анара Мамытова Kloop.kgге берген маегинде.

Ал кошумчалагандай, кыргызстандыктардын паспорт алуу процедуралары ошол бойдон калат. Бирок документ алуудагы баалар бир аз төмөндөйт.

Жарандар жашаган жерлери боюнча Мамлекеттик каттоо кызматынын 38 калкты тейлөө борборлорунан паспорт ала алышат. Жыл аягына чейин дагы 12 борбордун ачылышы күтүлүп жатат.

Автор: Аскар Акталов