БУУнун башкы катчысы: «20-24 жаштагы аялзатынын үчтөн бири эрезеге жете электе турмушка чыгышкан»

БУУнун башкы катчысы Пан Ги Мун 2012-жылы биринчи жолу белгиленип жаткан жаш кыздардын Эл аралык күнүндө алардын укуктарын сактоого чакырды. Пан Ги Мундун маалыматы боюнча, дүйнө жүзүндөгү 20-24 жаш курактагы аялзатынын үчтөн бири 18 жашка толо электе турмушка чыгышкан.

Дүйнө жүзү боюнча күн сайын жаш кыздар бамсырлоого, кордук көрсөтүүгө жана жаман мамилелерге кабылышат, дейт Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Пан Ги Мун өзүнүн кайрылуусунда.

Болжол менен 20 жаштан 24 жашка чейинки 70 миллион аял 18 жашка толо электе турмушка чыгышкан. Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө балдардын 90 пайызы 15-19 жаштагы ата-энелердики — бул турмушка чыккан жаш кыздардын балдары. Бул курактагы кыздардын өлүмүнө көбүнчө кош бойлуу кезиндеги оорулар себеп болот, деп жазылган Пан Ги Мундун кайрылуусунда.

«Акыркы 30 жылдын аралыгында кыздардын жаш кезинде турмушка чыгуусунун азайтылгандыгына карабастан, бул көйгөйдү түп-тамырынан бери жогото албай келебиз, өзгөчө айылдарда жана кедей калк жашаган жерлерде», — дейт БУУнун башкы катчысы.

Ал жаш кезинде турмушка чыгуу - кыздарды мүмкүнчүлүктөрүнөн ажыратып, алардын ден-соолугуна коркунуч алып келет жана кыйноого алынып, жаман мамилелердин болушунун тобокелдигин жогорултат, ошондой эле ылайыксыз эрте кош бойлуулукка алып келет деп белгилейт.

«Мен өкмөттөрдү, общиналык жана диний лидерлерди, жарандык коомду, жеке сектор менен үй-бүлөнү, өзгөчө эркектерди жаш кыздардын укуктарын сактоого чакырам», — деди Пан Ги Мун.

2011-жылдын 19-декабрында 11-октябрь Эл аралык жаш кыздардын күнү деп жарыяланган.

Автор: Зарема Султанбекова