Майып кыз: аялдамадан кол көтөрсөм эки автобус токтобой кетти

10-октябрда майып кыз Азиза Иминова аялдамада турганда эки 28-каттамдагы автобус токтобой кеткен. Үчүнчү автобусту күтүп кызга майыптар коляскасында бир саттай убакыт отурууга туура келген. Мэриянын шаардык транспорт башкармалыгынан айдоочуларды жазалоону убадалашты.

Иминова Kloop.kgнин редакциясына кайрылып, эртең менен Бишкектин Максим Горький көчөсүндөгү аялдамадан 28-автобустун эки айдоочусу токтобой өтүп кеткендигин айтып даттанды.

«Мен аялдамадан күндөгүдөй эле 28-автобусту токтотуу үчүн колумду көтөргөм. Бирок айдоочу мени көрүп туруп токтобой өтүп кетти. Мейли деп, көңүлүмө деле алган эмесмин. Жарым саттан кийин дагы бир 28-автобус келди, бирок ал аялдамадан бир топ эле өтүп барып токтоду», — деди Иминова.

Анын айтымында ал автобустан кулагы укпаган бир майып бала түшүп, күбөлүгүн көрсөткөндүгүнө карабай айдоочу андан акча талап кылгандыгын айткан.

Ал бала автобус номуру менен анын айдоочусун сүрөткө тартып алган.

Иминова бир саттан кийин гана башка автобуска отурган.

«Өзүңдү кордолгон, кемсилтилгендей сезет экенсиң. Эгер менин жанымда дени сак адам болуп, ал тоссо албетте токтомок. Бирок мен жалгыз болчумун, ал [айдоочу] мени көрүп туруп токтобой кетти. Өзүмдү толук кандуу эмес адам катары сезип атам», — дейт Иминова.

25 жаштагы кыз тогуз жыл мурун унаа кырсыгына кабылган, ошондон бери буту иштебей калган.

Бишкек мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгындагылар Kloop.kgден Иминованын телефон номурун сурап, аялдамадан токтобой кеткен айдоочу менен сүйлөшүп, териштирүүнү убадалашты.

Автор: Зарема Султанбекова

Сүрөттө — Азиза Иминова. Сүрөт анын уруксаты менен колдонулду.